# 8-статья. Качкындын үй-бүлө мүчөлөрүнө качкын статусун берүү (Үй-бүлөнүн бирге болуу принциби)

- Документ: [Качкындар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/999)
- Документтеги орду: 2-Глава
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 25-мартындагы № 44 "Качкындар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 44
- Кабыл алынган күнү: 25.03.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.04.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/999/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-949/edition/1251497/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/999/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Качкындар жөнүндө, 8-статья (19.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/999/st-8

---

Эгерде ушул Мыйзамдын 1-статьясында каралган негиздер боюнча үй-бүлө башчысына Кыргыз Республикасындагы качкын статусу берилсе, анда качкын статусу анын эрине (аялына) жана алардын жашы жете элек балдарына да, ошондой эле анын багуусунда болгон башка адамдарга да, эгерде алар чогуу жашашса, жайылтылат. Анын жашы жете элек балдары, эри (аялы), ошондой эле багуусунда болгон башка адамдар Кыргыз Республикасында эри (аялы) менен биригүүгө жана качкын статусун алууга укуктуу болушат.

---

Мурунку берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/999/st-7)  
Кийинки берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/999/st-9)
