# 7-статья. Качкын статусун берүү тартиби

- Документ: [Качкындар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/999)
- Документтеги орду: 2-Глава
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 25-мартындагы № 44 "Качкындар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 44
- Кабыл алынган күнү: 25.03.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.04.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 19 апреля 2023 года № 91 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О беженцах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112582)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 19.04.2023 [Закон Кыргызской Республики от 19 апреля 2023 года № 91 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О беженцах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112582); 19.06.2020 [Закон КР от 19 июня 2020 года № 61 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О беженцах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112045)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/999#diff=1251502..1251503>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/999/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-949/edition/1251497/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/999/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Качкындар жөнүндө, 7-статья (19.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/999/st-7

---

Адамды качкын деп таануу жөнүндөгү чечим Ыйгарым укуктуу орган тарабынан качкын статусун берүү тууралу расмий өтүнүч катталган күндөн тартып алты айдын ичинде кабыл алынат. Эгерде адамдын ким экендигин же текшерүүнү талап кылган айрым фактыларды аныктоо бүтпөсө, акыркы чечим чыгаруу алар аныкталганга чейин кийинкиге калтырылат, бирок ал мөөнөт Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан чечимдер кабыл алынган учурларды кошпогондо бир жылдан ашпайт. Качкын статусуна расмий өтүнүчтү кароонун мөөнөтү узартылган учурда акыркы чечимди чыгаруу үчүн узартуунун мөөнөтүнө карата себептерди жана негиздөөчү документтерди берүү менен өтүнүчтүн колдонуу мөөнөтү тийиштүү түрдө зарыл болгон мөөнөткө узартылат. Кыргыз Республикасындагы качкын статусун берүү жөнүндө расмий өтүнүч катталган учурдан тартып качкын статусун берүү жөнүндө расмий өтүнүч менен кайрылган адам анын өтүнүчү боюнча акыркы чечим чыгарылганга чейин, анын ичинде расмий өтүнүчүнө даттануусун кошкондо, Кыргыз Республикасынын аймагында болууга укуктуу. Качкын катары таанылган адамга Кыргыз Республикасынын калкты каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында качкынды каттоо үчүн негиз болгон качкын ырастамасы берилет. Качкындын ырастамасына аны менен бирге болгон үй-бүлө мүчөлөрү жөнүндө маалыматтар жазылат. (Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 19-июнундагы № 61, 2023-жылдын 19-апрелиндеги № 91 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/999/st-6)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/999/st-8)
