# 6-статья. Өзүн качкын деп таануу жөнүндө расмий өтүнүч менен кайрылган адамдын укуктары менен милдеттери

- Документ: [Качкындар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/999)
- Документтеги орду: 2-Глава
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 25-мартындагы № 44 "Качкындар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 44
- Кабыл алынган күнү: 25.03.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.04.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 мая 2006 года №87 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О беженцах"](https://aqlex.ai/kg/doc/1877)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/999#diff=1251497..1251498>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/999/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-949/edition/1251497/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/999/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Качкындар жөнүндө, 6-статья (19.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/999/st-6

---

Кыргыз Республикасында качкын деп таануу жөнүндө расмий өтүнүч билдирген адам жана анын үй-бүлө мүчөлөрү:

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чет өлкөлүк жарандардын келүүсү үчүн жабык болгон райондордон бөлөк жерлерде Кыргыз Республикасынын бардык аймагында ээн-эркин жүрүүгө;

- убактылуу жайгаштырылган жерде жашоого жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдаланууга;

- медициналык жардамдан пайдаланууга;

- жарандыгы таандык болгон мамлекетте жашап жаткан туугандары жөнүндө маалымат алууда Кыргыз Республикасынын көмөктөшүүсүнө;

- жарандыгы таандык болгон мамлекетке өз эрки менен кайтып келүүгө;

- чет мамлекетте жашаган жерине чыгып кетүүгө;

- сот коргоосунан камсыз болууга;

- билим алууга;

- котормочунун кызматынан пайдаланууга;

- качкын статусун берүү жөнүндөгү расмий өтүнүчтү кароонун бардык баскычтарында ага байланышкан чыгымдарды төлөөдөн бошотулууга укуктуу болушат.

Өзүн качкын деп таануу жөнүндө расмий өтүнүч берген адам жана анын үй-бүлө мүчөлөрү:

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого;

- аталган расмий өтүнүчтү кароого керек болгон маалыматтарды Ыйгарым укуктуу органга билдирүүгө;

- убактылуу жайгаштырылган жердеги калыптанып калган жашоо-тиричиликтин тартибин сактоого;

- саламаттык сактоо органдарынын талабы боюнча медициналык кароодон өтүүгө;

- расмий өтүнүчтө билдирилген фактылардын чындыгын аныктоо жагынан Ыйгарым укуктуу орган менен кызматташууга милдеттүү.

(КР 2006-жылдын 13-майындагы № 87 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/999/st-5)  
Кийинки берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/999/st-7)
