# 4-статья. Кыргыз Республикасындагы качкын статусун берүү жөнүндө расмий өтүнүч менен кайрылуунун тартиби

- Документ: [Качкындар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/999)
- Документтеги орду: 2-Глава
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 25-мартындагы № 44 "Качкындар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 44
- Кабыл алынган күнү: 25.03.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.04.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 19 апреля 2023 года № 91 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О беженцах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112582)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 19.04.2023 [Закон Кыргызской Республики от 19 апреля 2023 года № 91 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О беженцах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112582); 19.06.2020 [Закон КР от 19 июня 2020 года № 61 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О беженцах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112045); 20.07.2016 [Закон КР от 20 июля 2016 года № 125 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О беженцах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111404); 17.03.2012 [Закон КР от 17 марта 2012 года № 15 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О беженцах"](https://aqlex.ai/kg/doc/203615)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/999#diff=1251502..1251503>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/999/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-949/edition/1251497/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/999/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Качкындар жөнүндө, 4-статья (19.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/999/st-4

---

Качкын статусун берүү жөнүндө расмий өтүнүч билдирген адамга мындай өтүнүч берүүгө чыныгы мүмкүнчүлүк берилүүгө тийиш. Ушул Мыйзамдын 1-статьясында каралган негиздер боюнча Кыргыз Республикасындагы качкын деп таанылышы үчүн адам келери менен жеке өзү же буга ыйгарым укук берген өзүнүн өкүлү аркылуу ошол жердеги:

- мамлекеттик чек арадан өткөрүүчү пункттарда - миграциялык контролду ишке ашыруучу органдарга;

Кыргыз Республикасынын аймагында - Ыйгарым укуктуу органга кайрылууга милдеттүү. Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарындагы миграциялык контролду ишке ашыруучу органдарга келип түшкөн качкын статусун берүү жөнүндөгү расмий өтүнүч келип түшкөн күндөн тартып он жумуш күнүнүн ичинде Ыйгарым укуктуу органга берилет, ал каттайт жана качкын статусун аныктоонун жол-жоболорун жүргүзөт. Ушул Мыйзамдын 1-статьясында каралган негиздер боюнча адамдар массалык түрдө келген учурда мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Ушул Мыйзамдын 1-статьясында каралган негиздер боюнча адамдар Кыргыз Республикасынын аймагына чукулунан жапырт келген учурда аталган адамдарды каттоо токтоосуз жүргүзүлөт. Мамлекеттик чек арадан өтүүгө укук берүүчү документтерисиз, качкын статусун берүү жөнүндө расмий өтүнүч билдирген адамдарга мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүүчү пунктта ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген күбөлүк андан ары качкын статусун аныктоо жол-жоболорун жүргүзүү үчүн адамга Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү үчүн негиз болуп саналат. Качкын деп таануу жөнүндөгү расмий өтүнүчтү кабыл алуу арыз берүүчүнүн жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн инсандыгын ырастаган документтер болгондо жүзөгө ашырылат. Инсандыгын ырастаган документтери болбогон арыз берүүчүлөр, алардын жоктугунун себептерин түшүндүрүүчү документтерди берүүгө же бул документтердин жоктугу жөнүндө түшүнүк берүүгө милдеттүү. Качкын статусун берүү жөнүндө расмий өтүнүч менен кайрылган адамга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген форма боюнча үч айлык мөөнөткө анын өтүнүчү катталгандыгы тууралу күбөлүк берилет жана даттануу баскычын кошуп алганда, анын өтүнүчү боюнча акыркы чечим чыгарылганга чейин узартылат. (Бөлүк Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 19-апрелиндеги № 91 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Качкын статусун берүү жөнүндө расмий өтүнүчтү каттоо тууралу күбөлүккө аны менен бирге болгон үй-бүлө мүчөлөрү тууралу маалыматтар жазылат. Качкын статусун берүү жөнүндө өтүнмөнү кароо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Көңүл буруңуздар! Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 19-апрелиндеги № 91 Мыйзамына ылайык, мамлекеттик тилдеги өзгөртүүлөр жана толуктоолор бөлүктөрдү эсептөө тартибинде дал келбейт (Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 17-мартындагы № 15, 2016-жылдын 20-июлундагы № 125, 2020-жылдын 19-июнундагы № 61, 2023-жылдын 19-апрелиндеги № 91 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/999/st-3)  
Кийинки берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/999/st-5)
