# 2-статья. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр

- Документ: [Качкындар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/999)
- Документтеги орду: 1-Глава
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 25-мартындагы № 44 "Качкындар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 44
- Кабыл алынган күнү: 25.03.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.04.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 19 апреля 2023 года № 91 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О беженцах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112582)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 19.04.2023 [Закон Кыргызской Республики от 19 апреля 2023 года № 91 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О беженцах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112582); 19.06.2020 [Закон КР от 19 июня 2020 года № 61 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О беженцах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112045); 20.07.2016 [Закон КР от 20 июля 2016 года № 125 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О беженцах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111404); 17.03.2012 [Закон КР от 17 марта 2012 года № 15 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О беженцах"](https://aqlex.ai/kg/doc/203615); 13.05.2006 [Закон КР от 13 мая 2006 года №87 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О беженцах"](https://aqlex.ai/kg/doc/1877)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/999#diff=1251502..1251503>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/999/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-949/edition/1251497/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/999/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Качкындар жөнүндө, 2-статья (19.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/999/st-2

---

Убактылуу кармап турган жер - өзүн качкын деп таануу жөнүндө расмий арыз берген адамдын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өткөрүүчү пункттагы тура турган жери. Расмий өтүнүчтү каттоо жөнүндө күбөлүк (мындан ары - күбөлүк) - качкын деп таануу жөнүндө расмий өтүнүч билдирген адамдын инсандыгын ырастаган жана бул адамды жана анын үй-бүлө мүчөлөрүн Кыргыз Республикасынын калкты каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында каттоо үчүн негиз болгон документ. Качкындын ырастамасы - ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасындагы качкын деп таанылган адамдын инсандыгын ырастап туруучу жана бул адамды жана анын үй-бүлө мүчөлөрүн Кыргыз Республикасынын калкты каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында каттоого негиз болгон документ. Ыйгарым укуктуу орган - Кыргыз Республикасынын миграция саясатын жүзөгө ашыруучу жана качкындарга тиешелүү ишти координациялоочу мамлекеттик башкаруу органы жана анын аймактык түзүмдөрү. Кыргыз Республикасындагы качкын статусун берүү жөнүндө расмий өтүнмө билдирген адамдын үй-бүлө мүчөлөрү же качкындын үй-бүлө мүчөлөрү (мындан ары - үй-бүлө мүчөлөрү) - эри (аялы) алардын жашы жете элек балдары жана эгерде Кыргыз Республикасынын аймагында алар чогуу жашаса эринин (аялынын) багуусунда турган башка туугандары. Качкын деп таануу жөнүндө өтүнүч берген адам - Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган жана ушул Мыйзамдын 1-статьясында каралган жагдайлар боюнча качкын деп таанылууну каалагандыгы жөнүндө билдирген, качкын статусун берүү жөнүндө өтүнүчү белгиленген тартипте катталган адам. Жол жүрүү документи - качкын статусун алган адамга Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары болуусу үчүн берилген документ. (Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 13-майындагы № 87, 2012-жылдын 17-мартындагы № 15, 2016-жылдын 20-июлундагы № 125, 2020-жылдын 19-июнундагы № 61, 2023-жылдын 19-апрелиндеги № 91 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/999/st-1)  
Кийинки берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/999/st-3)
