# 16-статья. Мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын качкындарга карата милдеттери

- Документ: [Качкындар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/999)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 25-мартындагы № 44 "Качкындар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 44
- Кабыл алынган күнү: 25.03.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.04.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 19 апреля 2023 года № 91 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О беженцах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112582)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 19.04.2023 [Закон Кыргызской Республики от 19 апреля 2023 года № 91 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О беженцах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112582); 06.07.2016 [Закон КР от 6 июля 2016 года № 99 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере делегирования государственных полномочий"](https://aqlex.ai/kg/doc/111378)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/999#diff=1251502..1251503>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/999/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-949/edition/1251497/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/999/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Качкындар жөнүндө, 16-статья (19.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/999/st-16

---

Мамлекеттик бийликтин тиешелүү органдары, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарга ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана кызмат адамдары:

- туруктуу жашоо үчүн Ыйгарым укуктуу орган сунуш кылган калктуу конуштардагы жашоо-шарттар жана ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө качкынга маалымат берүүгө;

- качкындын балдарын мектепке чейинки жана жалпы билим берүүчү мекемелерге жайгаштырууда көмөк көрсөтүүгө;

- жалгыз-жарым өтө кары качкындарга жана башкалардын жардамына муктаж болгон майыптарга калкты социалдык жактан коргоо мекемелеринен орун берүү жагынан көмөк көрсөтүүгө;

- качкынга анын өтүнүчү боюнча жарандыгы таандык болгон өлкөгө же туруктуу жашаган жерине кайтуусуна же ага ушундай укук берген башка өлкөгө жөнөп кетүүсүнө көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.

Мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана кызмат адамдары качкын деп таанылган адамдарга жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө жардам көрсөтүү боюнча иште коомдук бирикмелер жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенет, качкындар көйгөйлөрү менен иш жүргүзгөн коомдук бирикмелердин укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышын камсыз кылат, зарыл болгон учурда, өзүнчө бир аймакта же Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун мамлекеттик тутумунун иштөөсүнүн тиешелүү режимин киргизет. (Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 6-июлундагы № 99, 2023-жылдын 19-апрелиндеги № 91 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [151-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/999/st-151)  
Кийинки берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/999/st-17)
