# 13-статья. Кыргыз Республикасындагы качкындын укуктары менен милдеттери

- Документ: [Качкындар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/999)
- Документтеги орду: 2-Глава
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 25-мартындагы № 44 "Качкындар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 44
- Кабыл алынган күнү: 25.03.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.04.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 19 апреля 2023 года № 91 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О беженцах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112582)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 19.04.2023 [Закон Кыргызской Республики от 19 апреля 2023 года № 91 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О беженцах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112582); 13.05.2006 [Закон КР от 13 мая 2006 года №87 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О беженцах"](https://aqlex.ai/kg/doc/1877)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/999#diff=1251502..1251503>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/999/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-949/edition/1251497/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/999/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Качкындар жөнүндө, 13-статья (19.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/999/st-13

---

Кыргыз Республикасындагы качкын деп таанылган адам Кыргыз Республикасындагы туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандар пайдаланган укуктардан пайдаланат жана милдеттерди аткарат. Кыргыз Республикасындагы качкын деп таанылган адамга ушул Мыйзамдын 6-статьясында каралган качкын статусун берүү жөнүндө расмий өтүнүч билдирген адамдын укуктары менен милдеттери да берилет. Кыргыз Республикасындагы качкын деп таанылган адам жана анын үй-бүлө мүчөлөрү:

- үч ай бою убактылуу жайгаштырылган жерде жашап турууга;

- Ыйгарым укуктуу орган сунуш кылган калктуу конуштардын ичинен туугандары жашаган жана алар чогуу жашоого макул болгон калктуу конушту туруктуу жашаган жери катары тандап алууга;

- жалданып иштөөгө же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишкердик иш менен алектенүүгө;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн белгиленген шарттарда кыймылсыз мүлк сатып алууга;

- Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын көмөгү менен мурда жашаган мамлекетте калган мүлкү жөнүндө маалымат алууга;

- анын инсанын ырастоо үчүн керек болгон документтерге жана жол жүрүү документтерине ээ болууга;

- Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирдей медициналык жардам алууга;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына кайрылганда администрациялык жактан көмөк көрсөтүүгө;

- жарандык абалынын актын милдеттүү түрдө каттоого жана тиешелүү документтерди алууга укуктуу болушат.

Качкын деп таанылган адам жана аны менен келген анын үй-бүлө мүчөлөрү:

- жети күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органга фамилиясынын, атынын, үй-бүлө курамынын, үй-бүлөлүк абалынын өзгөрүшү жөнүндө, Кыргыз Республикасынын жарандыгын же башка чет мамлекеттин жарандыгын алгандыгы тууралуу же Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашоого уруксат алгандыгы жөнүндө кабарлоого;

- Кыргыз Республикасынын аймагында турган жерин өзгөртүүгө же Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары жашай турган жерине кетүүгө ниеттенгендиги жөнүндө кабарлоого;

- жыл сайын ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген мөөнөттөрдө кайрадан эсептен өтүүгө;

- турган жерин өзгөртүүдө ыйгарым укуктуу органдан эсептен чыгууга жана жаңы туруучу жерине келген күндөн тартып жети күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органда эсепке турууга Качкын деп таанылган адамды ыйгарым укуктуу органда эсепке тургузуу ал адамды жана анын үй-бүлө мүчөлөрүн жаңы турган жери боюнча ыйгарым укуктуу органда каттоого негиз болуп саналат.

Кыргыз Республикасындагы качкын деп таанылган адам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого, Кыргыз Республикасынын элдеринин каада-салттарына жана үрп-адаттарына урматтоо менен мамиле жасоого милдеттүү. (Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 13-майындагы № 87, 2023-жылдын 19-апрелиндеги № 91 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/999/st-12)  
Кийинки берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/999/st-14)
