# 12-статья. Качкындардын укуктарынын кепилдиктери

- Документ: [Качкындар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/999)
- Документтеги орду: 2-Глава
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 25-мартындагы № 44 "Качкындар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 44
- Кабыл алынган күнү: 25.03.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.04.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 19 апреля 2023 года № 91 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О беженцах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112582)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/999#diff=1251502..1251503>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/999/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-949/edition/1251497/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/999/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Качкындар жөнүндө, 12-статья (19.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/999/st-12

---

Качкын ушул Мыйзамдын 1-статьясында каралган себептер боюнча таштап кеткен өлкөгө келгиси келбесе, зордуктап кайтарылышы мүмкүн эмес. Бул жобо жүйөлүү себептерден улам коопсуздукка коркунуч туудуруучу качкынга же өзгөчө оор кылмыш жасаганы үчүн соттун өкүмү күчүнө кирген соттолгон адамга колдонулбайт. Мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана кызмат адамдарынын Кыргыз Республикасынын качкындар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген качкындын укуктарын кысымга алуучу чечимдери менен аракеттери мамлекеттик тиешелүү органдарга же сотко даттанылышы мүмкүн. Башбаанек издеген жана өмүрү менен эркиндигине коркунуч туудурган мамлекеттин аймагынан келген адамга анын тиешелүү органдарга токтоосуз келип, мыйзамсыз кирүүсү же болуусу боюнча канааттандырарлык түшүнүктөрдү бергенде жашыруун киргендиги жана Кыргыз Республикасынын аймагында болгондугунун себептери боюнча жаза берилиши мүмкүн эмес. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 19-апрелиндеги № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/999/st-11)  
Кийинки берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/999/st-13)
