# 11-статья. Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарып салуу

- Документ: [Качкындар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/999)
- Документтеги орду: 2-Глава
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 25-мартындагы № 44 "Качкындар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 44
- Кабыл алынган күнү: 25.03.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.04.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 19 апреля 2023 года № 91 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О беженцах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112582)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 19.04.2023 [Закон Кыргызской Республики от 19 апреля 2023 года № 91 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О беженцах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112582); 17.03.2012 [Закон КР от 17 марта 2012 года № 15 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О беженцах"](https://aqlex.ai/kg/doc/203615)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/999#diff=1251502..1251503>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/999/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-949/edition/1251497/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/999/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Качкындар жөнүндө, 11-статья (19.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/999/st-11

---

Качкын статусун жоготкон адамдарды жана Кыргыз Республикасынын аймагында аларды качкын деп таануудан баш тартылган, ушул Мыйзамдын 9 жана 10-статьяларында белгиленген мөөнөттөрдө Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кетпеген адамдарды Кыргыз Республикасынын чегинен чыгарып салуу Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. Аны качкын деп таануудан баш тартылганы жөнүндө же качкын статусун жоготкону тууралуу билдирме алган адам, анын өмүрүнө жана эркиндигине коркунуч туудурган өлкөгө же ал кыйноонун курмандыгы болушу же адамкерчиликке жатпаган катуу мамилеге дуушар болушу мүмкүн болгон өлкөгө эч кандай шарттарда чыгарылып салынышы мүмкүн эмес. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдарды чыгарып салуу боюнча иш-чаралар Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын компетенттүү мамлекеттик органдары тарабынан жүргүзүлөт. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдарды Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгарып салууга байланышкан чыгымдарды каржылоо Кыргыз Республикасынын тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат. (Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 17-мартындагы № 15, 2023-жылдын 19-апрелиндеги № 91 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/999/st-10)  
Кийинки берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/999/st-12)
