# 10-статья. Адамдын Кыргыз Республикасындагы качкын статусун жоготушу

- Документ: [Качкындар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/999)
- Документтеги орду: 2-Глава
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 25-мартындагы № 44 "Качкындар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 44
- Кабыл алынган күнү: 25.03.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.04.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 19 апреля 2023 года № 91 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О беженцах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112582)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/999#diff=1251502..1251503>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/999/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-949/edition/1251497/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/999/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Качкындар жөнүндө, 10-статья (19.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/999/st-10

---

Адам төмөнкүдөй учурларда:

- Кыргыз Республикасынын жарандыгын алганда;

- эгерде чет мамлекеттин жарандыгын алса жана жаңы жарандыгы таандык болгон мамлекеттин коргоосунан пайдаланса;

- эгерде жарандыгы таандык болгон мамлекеттин же өзүнүн мурдагы жашаган жеринин коргоосунан кайрадан өз ыктыяры менен пайдаланса;

- эгерде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашаганга туулган өлкөсүнө өз ыктыяры менен жөнөп кетсе;

- эгерде өз жарандыгын жоготуп, ага өз ыктыяры менен кайрадан ээ болсо;

- эгерде өзүнүн жарандыгы таандык болгон өлкөнүн коргоосунан мындан ары баш тарта албаса, анткени анын качкын деп таанылышына башка жагдайлар болбосо качкын статусун жоготот.

Адамдын качкын статусун жоготушу жөнүндөгү билдирүү качкын статусун жоготуу жөнүндө чечимди кабыл алуунун себептерин жана ага даттануунун тартибин көрсөтүү менен чечим кабыл алынган күндөн тартып үч күндүн ичинде Ыйгарым укуктуу орган тарабынан ошол адамга тапшырылат же жөнөтүлөт. Ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн 3-7-абзацтарында көрсөтүлгөн жагдайлар боюнча качкын статусун жоготкон жана Кыргыз Республикасынын тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык качкын статусун жоготуу жөнүндө чечимге даттануу укугун пайдаланбаган адам Кыргыз Республикасынын аймагында болушу үчүн башка мыйзамдуу негиздер болбосо качкын статусун жоготуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө үй-бүлө мүчөлөрү менен бирге Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кетүүгө милдеттүү. Качкын статусун жоготуу жөнүндөгү чечимге карата мыйзамда белгиленген тартипте сотко даттанылышы мүмкүн. Качкын статусун жоготуу жөнүндө акыркы чечим чыгарылганда качкындын ырастамасы жокко чыгарылат. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 19-апрелиндеги № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/999/st-9)  
Кийинки берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/999/st-11)
