Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Башкаруучу компанияларды тандоо укугун пайдаланбаган камсыздандырылган адамдардын пайдасына түзүлгөн пенсиялык топтоо каражаттарын Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан башкаруунун эрежелерин бекитүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 28-февралы № 129 Башкаруучу компанияларды тандоо укугун пайдаланбаган камсыздандырылган адамдардын пайдасына түзүлгөн пенсиялык топтоо каражаттарын Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан башкаруунун эрежелерин бекитүү тууралуу Пенсиялык топтоо каражаттарын башкаруу үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү максатында, «Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Башкаруучу компанияларды тандоо укугун пайдаланбаган камсыздандырылган адамдардын пайдасына түзүлгөн пенсиялык топтоо каражаттарын Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан башкаруунун эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2017-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
С. Жээнбеков
Тиркеме Башкаруучу компанияларды тандоо укугун пайдаланбаган камсыздандырылган адамдардын пайдасына түзүлгөн пенсиялык топтоо каражаттарын Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан башкаруунун эрежелери
1. Негизги жоболор
1. Ушул Эрежелер Башкаруучу компанияларды тандоо укугун пайдаланбаган камсыздандырылган адамдардын пайдасына түзүлгөн пенсиялык топтоо каражаттарын Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан башкаруунун тартибин жана негизги принциптерин белгилейт (мындан ары - Эрежелер).
2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду (мындан ары – Социалдык фонд) пенсиялык топтоо каражаттарын башкарууну камсыздандырылган адамдардын кызыкчылыктарында гана, ушул Эрежелерге жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык диверсификациялоо, ишенимдүүлүк, өтүмдүүлүк, кирешелүүлүк жана кайтарымдуулук принциптерин камсыз кылуу зарылчылыгына ылайык жүзөгө ашырат.
3. Социалдык фонд пенсиялык топтоо каражаттарын башкарууда ушул Эрежелерге ылайык функциялардын аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат.
2. Инвестициялык портфелдин түзүмүнө талаптар
4. Пенсиялык топтоо каражаттары төмөнкүлөргө жайгаштырылышы мүмкүн:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарына, пенсиялык топтоолордун наркынын 70 пайызынан ашпаган өлчөмдө;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын эмитенттери тарабынан чыгарылган камсыздалган (күрөөлүк) облигацияларга, пенсиялык топтоолордун наркынын 10 пайызынан ашпаган өлчөмдө. Мында бир эмитенттин облигацияларына ушул пунктчада каралган пенсиялык топтоолордун 5 пайызынан ашпаган өлчөмүн жайгаштырууга уруксат берилет;
3) пенсиялык топтоолордун наркынын 35 пайызынан ашпаган өлчөмдөгү кредиттик уюмдардагы мөөнөттүү депозиттерге. Мында пенсиялык топтоо каражаттары бир кредиттик уюмдун депозитине ушул пунктчада каралган пенсиялык топтоолордун 20 пайызынан ашпаган өлчөмдө жайгаштырылышы мүмкүн.
5. Пенсиялык топтоо каражаттарын ушул Эрежелердин 4-пунктунда каралбаган башка башкаруу объектилерине жайгаштырууга жол берилбейт.
6. Пенсиялык топтоо каражаттары төмөнкүлөргө пайдаланылышы мүмкүн эмес:
1) эмитенттери тейлөө жөнүндө келишимдер түзүлгөн башкаруучу компаниялар, брокерлер, кредиттик жана камсыздандыруу уюмдары, депозитарий жана аудиторлору болуп саналган баалуу кагаздарды алууга;
2) банкроттук жол-жобосу козголгон эмитенттердин баалуу кагаздарын алууга;
3) оффшордук чөлкөмдө катталган юридикалык жак же оффшордук чөлкөмдө катталган катышуучулары, акционерлери жана аффилирленген жактары бар юридикалык жак, же болбосо оффшордук чөлкөмдүн аймагында жашаган жеке жак, же оффшордук чөлкөмдө катталган акционер (катышуучу) болуп саналган юридикалык жактар эмитенттердин баалуу кагаздарын алууга.
7. Пенсиялык топтоо каражаттары республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге алынууга жатпайт, көрсөтүлгөн каражаттардын менчик ээсинин жана пенсиялык топтоо каражаттарын түзүү жана инвестициялоо боюнча мамилелердин субъекттеринин, ошондой эле пенсиялык топтоо каражаттарын түзүү жана инвестициялоо процессинин башка катышуучуларынын милдеттенмелерин башка камсыздоосунун жана күрөө предмети боло алышпайт.
8. Социалдык фонддун пенсиялык топтоо каражаттарын башкаруу боюнча ишинин аудити «Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүргүзүлөт.
________________________________________________________________
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндөЗакон · 02.08.2004 · № 103
- Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндөЗакон · 04.07.2011 · № 78
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-февралындагы № 129 "Башкаруучу компанияларды тандоо укугун пайдаланбаган камсыздандырылган адамдардын пайдасына түзүлгөн пенсиялык…Постановление · 28.02.2017 · № 129 · Күчүн жоготкон