# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-марты № 194 "2018-2022-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасынын региондук саясатынын концепциясын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-марты № 194 "2018-2022-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасынын региондук саясатынын концепциясын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 194
- Кабыл алынган күнү: 31.03.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99897>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19664/edition/851190/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99897.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-марты № 194 "2018-2022-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасынын региондук саясатынын концепциясын бекитүү жөнүндө" токтому (13.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99897

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 31-марты № 194 2018-2022-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасынын региондук саясатынын концепциясын бекитүү жөнүндө Өнүктүрүүнүн региондук экономикалык борборлорун түзүүгө, региондорду социалдык – экономикалык өнүктүрүү боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу максатында, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2018-2022-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасынын региондук саясатынын концепциясы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана башка Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлик органдары бир айдын ичинде, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине 2018-2022-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасынын региондук саясатынын концепциясын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Планына киргизүү үчүн сунуштарды берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги үч айдын ичинде министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана башка Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлик органдарынын сунуштарын жалпыласын жана белгиленген тартипте, 2018-2022-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасынын региондук саясатынын концепциясын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Планынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизилсин.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик региондук саясатынын концепциясы жөнүндө” 2009-жылдын 11-мартындагы №171 токтому күчүн жоготту деп таанылсын

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

С. Жээнбеков
