# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 197 "Идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 197 "Идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 197
- Кабыл алынган күнү: 03.04.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.04.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99888>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19659/edition/1288430/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99888.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 197 "Идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) жөнүндө" токтому (03.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99888

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 3-апрели № 197 Идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) жөнүндө Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун (ID-карта) идентификациялык картасын киргизүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 88-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;

- идентификациялык картанын - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун (ID-карта) үлгүсү, 2-тиркемеге ылайык.

2. Идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) киргизилгенине байланыштуу Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспортун даярдоого документтерди кабыл алуу 2017-жылдын 30-апрелинен тартып токтотулаары белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы 2017-жылдын 1-майынан тартып идентификациялык картаны - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортун (ID-карта) даярдоого документтерди кабыл алууну баштасын.

4. Идентификациялык картаны - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортун (ID-карта) шашылыш даярдоо жана жоготуу же бузуу себептери боюнча кайрылуу учурларынан тышкары, идентификациялык картаны - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортун (ID-карта) баштапкы тариздөө жана берүү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү (ID-карта) жана 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортторун алмаштыруу 2017-жылдын 1-майынан тартып 2017-жылдын 31-декабрына чейин акысыз жүргүзүлөөрү белгиленсин.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасына идентификациялык картаны - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортун (ID-карта) жекелештирүүгө жана даярдоого ыйгарым укуктар берилсин.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) башчылары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына идентификациялык картаны - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортун (ID-карта) берүүгө байланыштуу иштерди уюштурууга жана жүргүзүүгө көмөк көрсөтүшсүн.

7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

8. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2017-жылдын 1-майынан тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

С.Жээнбеков

2-тиркеме Идентификациялык картанын - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун (ID-карта) үлгүсү

(Кагаз түрүндөгүсү Юстиция министрлигинде)
