# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 10-февралындагы № 92 "Темир жол транспортунун кызматтарын пайдаланууну тарифтик саясаттын негиздерин камтуу менен жөнгө салуу тартибин бекитүү жөнүндө2 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 10-февралындагы № 92 "Темир жол транспортунун кызматтарын пайдаланууну тарифтик саясаттын негиздерин камтуу менен жөнгө салуу тартибин бекитүү жөнүндө2 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 92
- Кабыл алынган күнү: 10.02.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.02.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99885>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19657/edition/851164/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99885.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.02.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 10-февралындагы № 92 "Темир жол транспортунун кызматтарын пайдаланууну тарифтик саясаттын негиздерин камтуу менен жөнгө салуу тартибин бекитүү жөнүндө2 токтому (10.02.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99885

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 10-февралы № 92 Темир жол транспортунун кызматтарын пайдаланууну тарифтик саясаттын негиздерин камтуу менен жөнгө салуу тартибин бекитүү жөнүндө Темир жол транспортунун кызматтарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Темир жол транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Темир жол транспортунун кызматтарын пайдаланууну тарифтик саясаттын негиздерин камтуу менен жөнгө салуу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

С.Жээнбеков
