# "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунун каражаттарын пайдалануу жөнүндө" УБАКТЫЛУУ ЖОБО (Кыргыз Республикасын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-февралындагы № 120 токтому менен бекитилген)

- Толук аталышы: "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунун каражаттарын пайдалануу жөнүндө" УБАКТЫЛУУ ЖОБО (Кыргыз Республикасын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-февралындагы № 120 токтому менен бекитилген)
- Актынын түрү: Положение
- Номери: 120
- Кабыл алынган күнү: 24.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.03.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99878>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/46-3190/edition/870940/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99878.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.03.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунун каражаттарын пайдалануу жөнүндө" УБАКТЫЛУУ ЖОБО (Кыргыз Республикасын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-февралындагы № 120 токтому менен бекитилген) (13.03.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99878

---

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 13-мартындагы № 132 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Тиркеме

Кыргыз Республикасын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-февралындагы № 120 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунун каражаттарын пайдалануу жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-июнундагы № 391 токтомунун редакциясына ылайык) УБАКТЫЛУУ ЖОБО

Жалпы жоболор

1. Ушул Убактылуу жобо Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 25-беренесине ылайык республикалык бюджетте жыл сайын түзүлүүчү Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунун (мындан ары – резервдик фонд) каражаттарын пайдаланууну аныктайт.

2. Резервдик фонддон акча каражаттарын бөлүү

2. Резервдик фонддун каражаттары төмөнкүлөрдү камтыган социалдык маанилүү мүнөздөгү шашылыш жана күтүлбөгөн чыгымдарды финансылык камсыздоого пайдаланылат:

- табигый кырсыктар жана өзгөчө кырдаалдардын убагында финансылык маселелерди ыкчам чечүүнү;

- Улуу Ата Мекендик согуштун жана башка жерлердеги окуялардын ардагерлерине, катышуучуларына, эмгектин ардагерлерине бир жолку материалдык жардам көрсөтүүнү;

- Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнө жана гүлдөшүнө салым кошкон көрүнүктүү коомдук жана саясий ишмерлердин ысымын түбөлүккө калтырууну;

- калктын оор турмуштук кырдаалга туш болгон социалдык аялуу катмарынын ичинен жарандардын айрым категорияларына, ошондой эле аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бир убакта үч же андан ашык бала төрөлгөндө бир жолку материалдык жардам көрсөтүүнү;

- спорттук жана маданий-массалык иш-чараларды өткөрүүдө финансылык колдоо көрсөтүүнү;

- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга мамлекеттик жана муниципалдык кызмат менен байланышпаган ишине бир жолку материалдык жардам көрсөтүүнү;

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан сыйлоого байланышкан иш-чараларды каржылоого;

- олуттуу социалдык маанилүү мүнөзгө ээ жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин чечимдерине ылайык кечиктирбестен каржылоону талап кылынган башка максаттарга.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-июнундагы № 391 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Резервдик фонддун каражаттарын алуучулар болуп мамлекеттик жана муниципалдык органдар, юридикалык жана жеке жактар саналат.

4. Ушул Жобонун 3-пунктунда көрсөтүлгөн субъекттер резервдик фонддон финансылык каражаттарды бөлүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин дарегине кайрылышат. Кайрылууда каражаттарды түпкү алуучулар, каражаттар жумшалуучу иш-чаралар жана каржылоонун көлөмү жөнүндө толук маалымат камтылууга тийиш. Зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү акча каражаттарын алуучулардан резервдик фонддон акча каражаттарын бөлүү зарылдыгы жөнүндө тиешелүү мамлекеттик органдардан ырастоочу документтерди талап кылууга укуктуу.

Аталган кайрылууларды оң жагына кароонун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фонддон каражат бөлүү жөнүндө чечиминин долбоору даярдалат.

5. Резервдик фонддун каражаттарын пайдалануу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу менен кабыл алынат.

6. Резервдик фонддун каражаттары мамлекеттик органдар өз иштерин жүргүзүшкөндө жыл сайын өткөрүлүүчү иш-чараларга, республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланууга тийиш болгон иш-чараларга, ошондой эле төмөнкү максаттарга пайдаланылбайт:

1) шайлоолорду, референдумдарды өткөрүүгө;

2) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын жана Премьер-министринин иштерин чагылдырууга;

3) мамлекеттик кызматчыларга эмгек акы төлөөгө жана материалдык сыйлоого;

4) мамлекеттик органдардын ишин күндөлүк материалдык-техникалык жана финансылык камсыздоо боюнча иш-чараларга.

3. Каражаттарды пайдалануу үчүн жоопкерчилик, резервдик фонддун каражаттары боюнча отчет түзүүнүн жана берүүнүн тартиби

7. Резервдик фонддун каражаттары алар аркылуу каржылануучу мамлекеттик органдар резервдик фонддун акча каражаттарынын сакталышы, максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

8. Резервдик фонддун акча каражаттарынын пайдаланылышына жана калган калдыгына мониторинг Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы тарабынан жүргүзүлөт.

9. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунун каражаттары алар аркылуу каржылануучу мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунун каражаттарынын пайдаланылышы боюнча отчет түзүшөт жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине белгиленген тартипте беришет.

10. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунун каражаттарын пайдалануу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий сайтында милдеттүү түрдө жарыяланууга тийиш.
