# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-марты № 182 "Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-марты № 182 "Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 182
- Кабыл алынган күнү: 28.03.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.01.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99870>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19644/edition/1256943/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99870.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.01.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-марты № 182 "Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому (13.01.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99870

---

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 28-марты № 182 "Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

С.Жээнбеков

Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 1-берене. Кыргыз Республикасынын Жер кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1999-ж., № 9, 440-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-статьяда:

- расмий тилдеги текстинин 15-пункту "орошаемая" деген сөздөн кийин "и богарная" деген сөздөр менен толукталсын, "виноградниками," деген сөздөн кийин "залежи," деген сөздөр менен толукталсын; мамлекеттик тилдеги текстинде "айдоо" деген сөздөн кийин "жана кайрак" деген сөздөр менен толукталсын, "эгилме аянттар" деген сөздөр "кысыр аңыздар, маданий жайыттар," деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- мамлекеттик тилдеги текстинин 26-пунктундагы "күрөөгө калтырылган жерлер" деген сөздөр ''кысыр аңыздар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2) мамлекеттик тилдеги текстинин 20-статьясынын 12-пунктундагы "кен чыккан жерлер'' деген сөздөр "кысыр аңыздар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

3) мамлекеттик тилдеги текстинин 30-статьясынын 1-бөлүгүндөгү "көптөн бери пайдаланылбаган" деген сөздөр "кысыр аңыздар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

4) мамлекеттик тилдеги текстинин 74-статьясынын 1-бөлүгүндөгү "кен чыккан жерлер" деген сөздөр ''кысыр аңыздар" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
