Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 13 января 2023 года № 13 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-01-13.
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 28-марты № 182 "Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
С.Жээнбеков
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 1-берене. Кыргыз Республикасынын Жер кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1999-ж., № 9, 440-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статьяда:
- расмий тилдеги текстинин 15-пункту "орошаемая" деген сөздөн кийин "и богарная" деген сөздөр менен толукталсын, "виноградниками," деген сөздөн кийин "залежи," деген сөздөр менен толукталсын; мамлекеттик тилдеги текстинде "айдоо" деген сөздөн кийин "жана кайрак" деген сөздөр менен толукталсын, "эгилме аянттар" деген сөздөр "кысыр аңыздар, маданий жайыттар," деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- мамлекеттик тилдеги текстинин 26-пунктундагы "күрөөгө калтырылган жерлер" деген сөздөр ''кысыр аңыздар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) мамлекеттик тилдеги текстинин 20-статьясынын 12-пунктундагы "кен чыккан жерлер'' деген сөздөр "кысыр аңыздар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) мамлекеттик тилдеги текстинин 30-статьясынын 1-бөлүгүндөгү "көптөн бери пайдаланылбаган" деген сөздөр "кысыр аңыздар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4) мамлекеттик тилдеги текстинин 74-статьясынын 1-бөлүгүндөгү "кен чыккан жерлер" деген сөздөр ''кысыр аңыздар" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 4-майындагы № 1558-VI "Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи…Постановление · 04.05.2017 · № 1558-VI
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 29-июнундагы № 1807-VI "Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын…Постановление · 29.06.2017 · № 1807-VI
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 14-июнундагы № 1690-VI "Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 14.06.2017 · № 1690-VI
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.01.2023 · № 13
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.01.2023 · № 13
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон