# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 157 "Европа союзу менен кызматташуу боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 157 "Европа союзу менен кызматташуу боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 157
- Кабыл алынган күнү: 15.03.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99868>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19643/edition/1065431/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99868.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 157 "Европа союзу менен кызматташуу боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" токтому (13.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99868

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 15-марты № 157 Европа союзу менен кызматташуу боюнча координациялык кеңеш жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-июлундагы № 340, 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)

"Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Европа союзу менен кызматташуу боюнча координациялык кеңеш (мындан ары - Координациялык кеңеш) 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Координациялык кеңеш жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Координациялык кеңешке көмөк көрсөтүшсүн, ошондой эле анын суроо-талабы боюнча зарыл болгон документтерди, маалыматтарды беришсин.

4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Координациялык кеңештин катчылыгы болуп аныкталсын.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-апрелиндеги № 235 токтому менен түзүлгөн Улуттук координациялык бюро Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине Кыргыз Республикасы менен Европа союзунун кызматташуусу боюнча бардык архивдик материалдарды жана кат алышууларды тиешелүү кабыл алуу-өткөрүү актысы боюнча өткөрүп берсин.

6. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

7. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- 8-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-апрелиндеги № 235 "Европа Союзу менен кызматташуу боюнча Кыргыз Республикасынан Улуттук координатор жөнүндө" токтомунда аныкталган, ошондой эле," деген сөздөр алып салынсын.

8. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-апрелиндеги № 235 "Европа Союзу менен кызматташуу боюнча Кыргыз Республикасынан Улуттук координатор жөнүндө" токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-апрелиндеги № 235 "Европа Союзу менен кызматташуу боюнча Кыргыз Республикасынан Улуттук координатор жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-ноябрындагы № 645 токтому.

9. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнө жүктөлсүн.

10. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

С.Жээнбеков

1-тиркеме Европа союзу менен кызматташуу боюнча Координациялык кеңештин КУРАМЫ (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-июлундагы № 340 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри, Кеңештин төрагасы; Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары(\*), Кеңештин төрагасынын орун басары. Кеңештин мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары(\*); Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары(\*); Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары(\*); Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министринин орун басары(\*); Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары(\*); Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары(\*); Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары(\*); Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары(\*); Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары(\*); Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары(\*); Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары(\*\*) - Улуттук координатор; Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары(\*); Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары (\*); Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары(\*); Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары(\*); Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары(\*) (макулдашуу боюнча). Эскертүү: (\*) - эл аралык кызматташуу маселелерин тейлөөчү; (\*\*) - Кыргыз Республикасынын Европа союзу менен кызматташуу маселелерин тейлөөчү.
