# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-мартындагы № 183 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-июнундагы № 463 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой-аңчылык жайгаштыруу департаменти жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-мартындагы № 183 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-июнундагы № 463 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой-аңчылык жайгаштыруу департаменти жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 183
- Кабыл алынган күнү: 29.03.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.03.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99856>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19635/edition/1064933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99856.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.03.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-мартындагы № 183 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-июнундагы № 463 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой-аңчылык жайгаштыруу департаменти жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому (29.03.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99856

---

КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 29-марты № 183 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-июнундагы № 463 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой-аңчылык жайгаштыруу департаменти жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин ишин оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-декабрындагы № 681 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" токтомунун 7-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-июнундагы № 463 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой-аңчылык жайгаштыруу департаменти жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

- аталышындагы жана бардык тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Токой-аңчылык жайгаштыруу департаменти" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Кыргыз токой аңчылык жайгаштыруу" мамлекеттик мекемеси" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 1-пунктунун төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой-аңчылык жайгаштыруу департаменти жөнүндө жободо:

аталышындагы жана бардык тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Токой-аңчылык жайгаштыруу департаменти" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Кыргыз токой аңчылык жайгаштыруу" мамлекеттик мекемеси" деген сөздөр менен алмаштырылсын; бардык тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Департамент" деген сөз тиешелүү жөндөмөдө "Мекеме" деген сөз менен алмаштырылсын; 9-пунктунун "а" пунктчасында:

- жетинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:

"- токой кадастры үчүн токой фондунун сандык жана сапаттык мүнөздөмөлөрү жөнүндө маалыматтарды топтоо, талдоо, маалыматтар базасын түзүү, архивдештирүү;".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

С.Жээнбеков
