# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-мартындагы № 175 "Кыргыз Республикасында чакан гидроэлектрстанцияларын куруу укугуна тендер жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-мартындагы № 175 "Кыргыз Республикасында чакан гидроэлектрстанцияларын куруу укугуна тендер жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 175
- Кабыл алынган күнү: 24.03.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.10.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99852>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19632/edition/1072633/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99852.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.10.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-мартындагы № 175 "Кыргыз Республикасында чакан гидроэлектрстанцияларын куруу укугуна тендер жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (30.10.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99852

---

КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-октябрындагы № 525 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 24-марты № 175 Кыргыз Республикасында чакан гидроэлектрстанцияларын куруу укугуна тендер жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Экономиканын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу, өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалын жогорулатуу жана гидроэнергетика тармагында келечектүү долбоорлорду ишке ашыруу максатында, "Электр энергетикасы жөнүндө", "Энергетика жөнүндө" жана "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасында чакан гидроэлектрстанцияларын куруу укугуна тендер жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

С.Жээнбеков
