# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-мартындагы № 171 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдери күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-мартындагы № 171 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдери күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 171
- Кабыл алынган күнү: 17.03.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.03.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99850>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19630/edition/851098/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99850.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.03.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-мартындагы № 171 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдери күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому (17.03.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99850

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 17-марты № 171 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдери күчүн жоготту деп таануу жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 28-апрелиндеги № 171 "Бишкек шаары, Раззаков көчөсү, 59 дарегинде жайгашкан администрациялык имаратты Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-июлундагы № 483 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 28-апрелиндеги № 171 "Бишкек шаары, Раззаков көчөсү, 59 дарегинде жайгашкан администрациялык имаратты Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 731 "Дүйнөлүк банктын "Айылды каржылоо - 2" экинчи долбоорун Кыргыз Республикасы тарабынан тең каржылоо жөнүндө" токтомунун 3-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-августундагы № 465 "Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 10 дарегинде жайгашкан администрациялык имаратты Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматына убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө" токтомунун 4-пункту.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

С.Жээнбеков
