Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 15-марты № 161 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 22-майындагы № 179 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин символика белгилерин, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлеринин формалык кийимдеринин айырмалоочу белгилеринин жана фурнитураларынын үлгүлөрүн бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинде:
"МАИ" кызматкерлери үчүн айырмалоочу төш белги" позициясы күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-декабрындагы № 711 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын Техникалык багыттагы борбору" мамлекеттик ишканасы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын Техникалык багыттагы борбору" мамлекеттик ишканасынын уставында:
- 12-пункттун алтынчы абзацындагы "Жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын коопсуздугу боюнча Кыргыз Республикасынын Техникалык регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын" деген сөздөр "техникалык регламенттердин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
С.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- Постановление Правительства КР от 22 мая 1995 года №179 "Об утверждении знака символики Министерства внутренних дел Кыргызской Республики, образцов знаков различия и фурнитуры…Постановление · 22.05.1995 · № 179
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-декабрындагы № 711 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул кызматынын техникалык багыттагы борбору" мамлекеттик ишканасы…Постановление · 17.12.2014 · № 711
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын коопсуздугу боюнча Кыргыз Республикасынын техникалык регламентиЗакон · 29.05.2009 · № 178 · Күчүн жоготкон