# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 156 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 576 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 156 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 576 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 156
- Кабыл алынган күнү: 15.03.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.03.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99838>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19619/edition/1052372/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99838.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.03.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 156 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 576 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (09.03.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99838

---

КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-мартындагы № 83 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 15-марты № 156 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 576 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин ишин натыйжалуу уюштуруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 576 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин башкаруу схемасына:

"Этил спиртин жана алкоголдуу продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү жөнгө салуу, контролдоо боюнча региондор аралык башкармалар" позициясы "Этил спиртин жана алкоголдуу продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү жөнгө салуу, контролдоо боюнча башкармалык" позициясы менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

С.Жээнбеков
