Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 9-декабрындагы № 719 „Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Уставын бекитүү жөнүндө“ токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 18 сентября 2019 года № 490 "О внесении изменений в некоторые решения Правительства Кыргызской Республики в сфере науки"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2019-09-18.
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-сентябрындагы № 490 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 15-марты № 153 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 9-декабрындагы № 719 "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 9-декабрындагы № 719 "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Уставында:
- 48-пункту төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы - он үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президентинин ыйгарым укуктары төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн:
- өзүнүн арызынын негизинде;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын жалпы чогулушунун тизмедеги курамынын үчтөн эки бөлүгүнөн кем эмес мүчөлөрүнүн демилге кылынган чакырып алуусу боюнча;
- билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунуштамасынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча;
- оорусуна байланыштуу кызматтык милдеттерин аткара албаганда;
- соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киргенде;
- каза болгон учурда.
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президентинин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри шайлоо өткөрүлгөнгө чейин УИАнын президентинин милдетин аткаруучусун дайындайт.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
С.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-сентябрындагы № 490 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн илим чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.09.2019 · № 490
- УСТАВ "Национальной академии наук Кыргызской Республики" (Утвержден Постановлением Правительства Кыргызской Республики от 9 декабря 1997 года N 719)Устав · 09.12.1997 · № 719 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Постановление Правительства КР от 9 декабря 1997 года N 719 " Об утверждении Устава Национальной академии наук Кыргызской Республики"Постановление · 09.12.1997 · № 719 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.