# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-мартындагы № 145 "Кыргыз Республикасында үрөнчүлүктү өнүктүрүүнү мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-мартындагы № 145 "Кыргыз Республикасында үрөнчүлүктү өнүктүрүүнү мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 145
- Кабыл алынган күнү: 13.03.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99827>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19611/edition/1160394/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99827.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-мартындагы № 145 "Кыргыз Республикасында үрөнчүлүктү өнүктүрүүнү мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндө" токтому (11.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99827

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 13-марты № 145 Кыргыз Республикасында үрөнчүлүктү өнүктүрүүнү мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-августундагы № 397 токтомунун редакциясына ылайык) Айылдык товар өндүрүүчүлөрдү жогорку сапаттуу сертификацияланган үрөн жана көчөт материалдары менен камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 7-беренесинин 4-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-августундагы № 397 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2018-2022-жылдарга республикалык бюджетти түзүүдө мамлекеттик дотация төлөө системасын киргизүүнү караган ченемдик укуктук акт бекитилгенден кийин республиканын үрөнчүлүк чарбаларына мамлекеттик дотация төлөөгө каражат караштырсын:

- 2-тиркемеге ылайык 2018-2022-жылдар мезгилинде себүү максатында дыйкандарга жана фермерлерге сатуу үчүн экинчи репродукциядагы күздүк жана жаздык буудайдын үрөнүн республиканын үрөнчүлүк чарбаларынын өндүрүү көлөмүнө жараша;

- 3-тиркемеге ылайык 2018-2022-жылдар мезгилинде республиканын үрөнчүлүк чарбаларында сорт жаңыртуу жана сорт алмаштыруу үчүн буудайдын, арпанын жана беденин суперэлита жана элита үрөнүн өндүрүү жана сатуу көлөмүнө жараша.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына төмөнкүлөр сунушталсын:

- үрөнчүлүк чарбаларын жүргүзүү үчүн жерлерди ижарага берүү мөөнөтүн 20 жылга чейин узартуу;

- 4-тиркемеге ылайык 2018-2022-жылдар мезгилине үрөн жана көчөт материалдарын өндүрүүнү көбөйтүү үчүн республиканын үрөнчүлүк чарбаларына кошумча сугат айдоо жерлерин бөлүп берүү жөнүндө маселени белгиленген тартипте кароо.

4. КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 131 токтомунун негизинде КҮЧҮН ЖОГОТТУ

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча 2018-2019-жылдар мезгилине тамчылатып сугаруу системасын колдонуу менен мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн көчөт материалын, анын ичинде ыңгайсыз жана пайдаланылбай жаткан жерлерде өстүрүү максатында мөмө питомнигин түзүү боюнча иш-чаралар планын даярдашсын жана беришсин.

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

С.Жээнбеков

2-тиркеме 2018-2022-жылдар мезгилинде себүү максатында дыйкандарга жана фермерлерге сатуу үчүн экинчи репродукциядагы күздүк жана жаздык буудайдын үрөнүн республиканын үрөнчүлүк чарбаларынын өндүрүү КӨЛӨМДӨРҮ

Жылдар

Күздүк жана жаздык буудайдын үрөнүн өндүрүүнүн жана сатуунун көлөмү (миң тонна)

2018

20,7

2019

24,2

2020

28,6

2021

32,2

2022

36,0

Баардыгы

141,7

3-тиркеме 2018-2022-жылдар мезгилинде республиканын үрөнчүлүк чарбаларында сорт жаңыртуу жана сорт алмаштыруу үчүн буудайдын, арпанын жана беденин суперэлита жана элита үрөндөрүн өндүрүү жана сатуу КӨЛӨМДӨРҮ

Жылдар

Үрөн өндүрүүнүн жана сатуунун көлөмү (тонна)

Буудай

Арпа

Беде

Суперэлита

Элита

Суперэлита

Элита

Суперэлита

Элита

2018

40

440

31,5

322

\-

3

2019

40

440

31,5

322

0,6

3

2020

40

440

31,5

322

0,6

3

2021

40

440

31,5

322

0,6

6

2022

40

440

31,5

322

0,6

6

4-тиркеме 2018-2022-жылдар мезгилине үрөн жана көчөт материалдарын өндүрүүнү көбөйтүү үчүн республиканын үрөнчүлүк чарбаларына кошумча сугат айдоо жерлерин бөлүп берүү

Облустардын аталышы

1-январга карата иш жүзүндө бар жерлер (га)

Республиканын үрөнчүлүк чарбаларына кошумча бөлүнүүчү сугат айдоо жерлеринин аянты, облустар боюнча (га)

2017

2018

2019

2020

2021

2022

Баткен облусу

435

500

600

700

750

800

Жалал-Абад облусу

1400

1600

1900

2100

2300

2500

Ош облусу

1598

1800

2100

2300

2500

2700

Ысык-Көл облусу

2474

2550

2650

2800

2900

3000

Нарын облусу

1847

2000

2100

2200

2400

2500

Талас облусу

2069

2100

2200

2300

2400

2500

Чүй облусу

18432

20000

22000

24000

25000

26000

Баардыгы:

28255

30550

33550

36400

38250

40000
