# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-мартындагы № 151 "Дем алыш күнүн которуу жөнүндө"

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-мартындагы № 151 "Дем алыш күнүн которуу жөнүндө"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 151
- Кабыл алынган күнү: 13.03.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.03.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99825>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19609/edition/1145794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99825.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.03.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-мартындагы № 151 "Дем алыш күнүн которуу жөнүндө" (13.03.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99825

---

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 13-марты № 151 Дем алыш күнүн которуу жөнүндө 2017-жылдагы дем алыш жана иш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Эки дем алыш күнү бар беш күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 2017-жылдын 25-мартындагы жумуш эмес күнү 2017-жылдын 20-мартындагы жумуш күнүнө которулсун.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

С.Жээнбеков
