# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 6-мартындагы № 141 "Аскер кызматчылары, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн пенсияларды эсептөөдө эске алынуучу паектук акчалардын өлчөмдөрү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 6-мартындагы № 141 "Аскер кызматчылары, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн пенсияларды эсептөөдө эске алынуучу паектук акчалардын өлчөмдөрү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 141
- Кабыл алынган күнү: 06.03.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.03.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99823>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19607/edition/851030/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99823.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.03.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 6-мартындагы № 141 "Аскер кызматчылары, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн пенсияларды эсептөөдө эске алынуучу паектук акчалардын өлчөмдөрү жөнүндө" токтому (06.03.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99823

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 6-марты № 141 Аскер кызматчылары, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн пенсияларды эсептөөдө эске алынуучу паектук акчалардын өлчөмдөрү жөнүндө Аскер кызматчыларынын, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана алардын үй-бүлөлөрүнүн пенсияларын эсептөөдө эске алынуучу паектук акчаларды эсептөө тартибин жана төлөөнү жөнгө салуу максатында, "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 45-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Офицердик курамдагы адамдарга, прапорщиктерге, мичмандарга жана мөөнөттөн тышкаркы кызматтын аскер кызматчыларына, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматтын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, финансы полициясынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө пенсияларды эсептөөдө бир айлык паектук акчалар эсепке алынаары белгиленсин:

- 2013-жылдын 17-сентябры - 2017-жылдын 31-марты мезгили үчүн - тиркемеге ылайык өлчөмдө;

- 2017-жылдын 1-апрелинен тартып - 1800 сом.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

С.Жээнбеков
