Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-апрелиндеги № 242 „Элдин мыйзам чыгаруучу демилге көтөрүүгө укугун ишке ашыруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу“ токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 26 апреля 2023 года № 227 "О признании утратившими силу некоторых постановлений Правительства Кыргызской Республики в сфере реализации народной законодательной инициативы"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-04-26.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 227 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 3-марты № 133 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-апрелиндеги № 242 "Элдин мыйзам чыгаруучу демилге көтөрүүгө укугун ишке ашыруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишинин алкагында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-апрелиндеги № 242 "Элдин мыйзам чыгаруучу демилге көтөрүүгө укугун ишке ашыруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Элдин мыйзам чыгаруучу демилге көтөрүүгө укугун ишке ашыруу тартиби жөнүндө жободо:
- 7-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- демилгечи топту каттоо жөнүндө анын төрагасынын колу коюлган арызды жана мыйзамдын долбоорун. Арызда демилгечи топтун аталышы көрсөтүлүшү мүмкүн;";
- 11-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги демилгечи топту каттоо жөнүндөгү күбөлүктү берген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде мыйзам долбоорунун текстин негиздеме-маалымкаты менен, ошондой эле демилгечи топтун аталышы (эгер аталышы бар болсо) жана демилгечи топтун жана мыйзам долбоорунун катталган датасы жөнүндө маалыматты өзүнүн сайтына жарыялашы керек.";
- 12-пунктундагы "жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып он күндүк мөөнөт ичинде" деген сөздөр "күнүнөн тартып беш күндүк мөөнөттө" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
С. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Элдин мыйзам чыгаруучу демилге көтөрүүгө укугун ишке ашыруу тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-апрелиндеги №242 токтому менен бекитилген)Положение · 16.04.2012 · № 242 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 227 "Элдик мыйзам чыгаруу демилгесин ишке ашыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым…Постановление · 26.04.2023 · № 227
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-апрелиндеги №242 "Элдин мыйзам чыгаруучу демилге көтөрүүгө укугун ишке ашыруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 16.04.2012 · № 242 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон