# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-февралындагы № 108 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-июлундагы № 524 "Кыргыз Республикасынын аймагында чачынды алтынды жекече казып алууну жүзөгө ашыруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-февралындагы № 108 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-июлундагы № 524 "Кыргыз Республикасынын аймагында чачынды алтынды жекече казып алууну жүзөгө ашыруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 108
- Кабыл алынган күнү: 16.02.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.02.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99802>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19590/edition/850993/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99802.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.02.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-февралындагы № 108 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-июлундагы № 524 "Кыргыз Республикасынын аймагында чачынды алтынды жекече казып алууну жүзөгө ашыруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (16.02.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99802

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 16-февралы № 108 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-июлундагы № 524 "Кыргыз Республикасынын аймагында чачынды алтынды жекече казып алууну жүзөгө ашыруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө Чачынды алтынды жекече чайкоо ыкмасы менен казып алууга уруксат берилген эркин рентабелдүү эмес жана иштетилген чачынды участоктордун, тик бурчтуу бурчтук координаталары бар алтын кендеринин жана аянтчаларынын тизмесине ачык жетүүнү камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-июлундагы № 524 "Кыргыз Республикасынын аймагында чачынды алтынды жекече казып алууну жүзөгө ашыруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында чачынды алтынды жекече казып алууну жүзөгө ашыруу жөнүндө жободо:

- 5-пунктунун биринчи абзацы "30 календардык күндүн ичинде берилет" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жайгаштырылат" деген сөздөр менен толукталсын;

- 6-пункту "30 календардык күндүн ичинде берилет" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жайгаштырылат" деген сөздөр менен толукталсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

С.Жээнбеков
