# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-февралындагы № 107 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-августундагы № 455 "Кыргыз Республикасынын бажы аймагына импорттоодо КНСти жана бажы алымдарын төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон, коргонуу жөндөмдүүлүгүн, улуттук коопсуздукту жана укук тартибин камсыз кылуучу товарлардын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-февралындагы № 107 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-августундагы № 455 "Кыргыз Республикасынын бажы аймагына импорттоодо КНСти жана бажы алымдарын төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон, коргонуу жөндөмдүүлүгүн, улуттук коопсуздукту жана укук тартибин камсыз кылуучу товарлардын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 107
- Кабыл алынган күнү: 16.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99801>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19589/edition/1160213/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99801.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-февралындагы № 107 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-августундагы № 455 "Кыргыз Республикасынын бажы аймагына импорттоодо КНСти жана бажы алымдарын төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон, коргонуу жөндөмдүүлүгүн, улуттук коопсуздукту жана укук тартибин камсыз кылуучу товарлардын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (11.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99801

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 131 токтомунун негизинде КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 16-февралы № 107 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-августундагы № 455 "Кыргыз Республикасынын бажы аймагына импорттоодо КНСти жана бажы алымдарын төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон, коргонуу жөндөмдүүлүгүн, улуттук коопсуздукту жана укук тартибин камсыз кылуучу товарлардын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-августундагы № 455 "Кыргыз Республикасынын бажы аймагына импорттоодо КНСти жана бажы алымдарын төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон, коргонуу жөндөмдүүлүгүн, улуттук коопсуздукту жана укук тартибин камсыз кылуучу товарлардын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- аталышындагы жана 1-пунктундагы "бажы аймагына импорттоодо КНСти жана бажы алымдарын" деген сөздөр "аймагына импорттоодо КНСти" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- преамбуласындагы "жана Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 178-беренесинин 11-пунктунун" деген сөздөр жана цифралар алып салынсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бажы аймагына импорттоодо КНСти жана бажы алымдарын төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон, коргонуу жөндөмдүүлүгүн, улуттук коопсуздукту жана укук тартибин камсыз кылуучу товарлардын тизмесинин аталышында:

"бажы аймагына импорттоодо КНСти жана бажы алымдарын" деген сөздөр "аймагына импорттоодо КНСти" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

С.Жээнбеков
