# 8-статья. Геодезиялык жана картографиялык иштерди каржылоо

- Документ: [Геодезия жана картография жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/998)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 20-мартындагы № 43 "Геодезия жана картография жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 43
- Кабыл алынган күнү: 20.03.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.04.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 29 апреля 2026 года № 58 "О геодезии, картографии и пространственных данных"](https://aqlex.ai/kg/doc/230045410)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/998/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-948/edition/283960/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/998/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Геодезия жана картография жөнүндө, 8-статья (29.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/998/st-8

---

Мамлекеттик муктаждыктар үчүн жүргүзүлгөн геодезиялык жана картографиялык иштер республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланат. Мамлекеттик мүнөздөгү геодезиялык жана картографиялык иштердин мамлекеттик заказчиги болуп геодезия жана картография боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, ал эми геодезиялык жана картографиялык атайын (тармактык) багыттагы иштин заказчиги аткаруу бийлигинин тййиштүү органдары болушат. Башка муктаждыктар үчүн жүргүзүлгөн геодезиялык жана картографиялык иш геодезиялык, картографиялык жана топографиялык продукциянын заказчиги болгон жарандар менен юридикалык жактардын каражаттарынын эсебинен каржыланат. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен каржыланган геодезиялык, картографиялык иштердин заказчылары болгон субъекттери жана/же геодезиялык, картографиялык жана топографиялык иштин аткаруучулары мурда түзүлгөн геодезиялык, жана картографиялык материалдар менен маалыматтарды пайдаланууга милдеттүү.

---

Мурунку берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/998/st-7)  
Кийинки берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/998/st-9)
