# 6-статья. Геодезиялык жана картографиялык иш жаатындагы ченемдик-техникалык документтер

- Документ: [Геодезия жана картография жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/998)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 20-мартындагы № 43 "Геодезия жана картография жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 43
- Кабыл алынган күнү: 20.03.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.04.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 29 апреля 2026 года № 58 "О геодезии, картографии и пространственных данных"](https://aqlex.ai/kg/doc/230045410)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/998/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-948/edition/283960/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/998/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Геодезия жана картография жөнүндө, 6-статья (29.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/998/st-6

---

Геодезиялык жана картографиялык иш жаатындагы ченемдик-техникалык документтер геодезиялык жана картографиялык иштерди уюштуруунун тартибин, аларга коюлган техникалык талаптарды, аларды аткаруунун ченемдери менен эрежелеринин аткарылышын белгилейт жана геодезия жана картография боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, ошондой эле аны менен макулдашуу боюнча компетенциясынын чегинде башка аткаруу бийлик органдары тарабынан бекитилет. Геодезиялык жана картографиялык иш жаатындагы ченемдик-техникалык документтер геодезиялык жана картографиялык иштин бардык субъектилери тарабынан аткарылууга милдеттүү, геодезиялык жана картографиялык ишти мамлекеттик жөнгө салууга багытталат, мамлекеттик жана башка экспертизаларды өткөрүүгө, геодезиялык жана картографиялык ишке мамлекеттик көзөмөл жүргүзүүгө, ошондой эле талаш маселелерди чечүүгө негиз болот.

---

Мурунку берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/998/st-5)  
Кийинки берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/998/st-7)
