# 5-статья. Геодезия жана картография иши жагындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын компетенциясы

- Документ: [Геодезия жана картография жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/998)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 20-мартындагы № 43 "Геодезия жана картография жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 43
- Кабыл алынган күнү: 20.03.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.04.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 29 апреля 2026 года № 58 "О геодезии, картографии и пространственных данных"](https://aqlex.ai/kg/doc/230045410)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/998/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-948/edition/283960/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/998/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Геодезия жана картография жөнүндө, 5-статья (29.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/998/st-5

---

Кыргыз Республикасынын карамагына төмөндөгүлөр кирет: геодезиялык жана картографиялык иш тармагында аткаруу, тескөө, уруксат берүү, көзөмөл жана башка функцияларын жүзөгө ашыруу; бирдиктүү техникалык саясат жүргүзүү, республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен каржыланган геодезиялык жана картографиялык окшош иштерди болтурбоо максатында геодезиялык жана картографиялык иш субъектилеринин ишин координациялоо; мамлекеттик максаттагы геодезиялык-картографиялык иштердин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлигинин, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын, жарандар менен юридикалык жактардын заказдары менен атайын (тармактык) максаттагы геодезиялык жана картографиялык иштердин аткарылышын камсыз кылуу; координаттардын, бийиктиктердин, гравиметрикалык өлчөмдөрдүн мамлекеттик бирдиктүү тутумун, ошондой эле мамлекеттик топографиялык карталар менен пландардын масштабдык катарын белгилөө; Караңыздар: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-октябрындагы № 235 "Бирдиктүү мамлекеттик координаттар системасын белгилөө жүнүндө" токтому Геодезиялык жана картографиялык ишти жөнгө салуу ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн компетенциясына кирет. Геодезия жана картография боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын карамагына таандык жүзөгө ашырылуучу аткаруучулук, тескөөчүлүк, уруксат берүүчүлүк, көзөмөлдүк жана башка функцияларды аткарат. Геодезиялык жана картографиялык атайын (тармактык) мүнөздөгү иштерди аткарууну өз компетенцияларынын чегинде мамлекеттик башка органдар камсыз кылышат.

---

Мурунку берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/998/st-4)  
Кийинки берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/998/st-6)
