5-статья. Геодезия жана картография иши жагындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын компетенциясы
Күчүн жоготкон · 29.04.2026 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 29 апреля 2026 года № 58.
Кыргыз Республикасынын карамагына төмөндөгүлөр кирет: геодезиялык жана картографиялык иш тармагында аткаруу, тескөө, уруксат берүү, көзөмөл жана башка функцияларын жүзөгө ашыруу; бирдиктүү техникалык саясат жүргүзүү, республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен каржыланган геодезиялык жана картографиялык окшош иштерди болтурбоо максатында геодезиялык жана картографиялык иш субъектилеринин ишин координациялоо; мамлекеттик максаттагы геодезиялык-картографиялык иштердин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлигинин, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын, жарандар менен юридикалык жактардын заказдары менен атайын (тармактык) максаттагы геодезиялык жана картографиялык иштердин аткарылышын камсыз кылуу; координаттардын, бийиктиктердин, гравиметрикалык өлчөмдөрдүн мамлекеттик бирдиктүү тутумун, ошондой эле мамлекеттик топографиялык карталар менен пландардын масштабдык катарын белгилөө; Караңыздар: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-октябрындагы № 235 "Бирдиктүү мамлекеттик координаттар системасын белгилөө жүнүндө" токтому Геодезиялык жана картографиялык ишти жөнгө салуу ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн компетенциясына кирет. Геодезия жана картография боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын карамагына таандык жүзөгө ашырылуучу аткаруучулук, тескөөчүлүк, уруксат берүүчүлүк, көзөмөлдүк жана башка функцияларды аткарат. Геодезиялык жана картографиялык атайын (тармактык) мүнөздөгү иштерди аткарууну өз компетенцияларынын чегинде мамлекеттик башка органдар камсыз кылышат.
Берененин тексти 29.04.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-октябрындагы №235 "Бирдиктүү мамлекеттик координаттар системасын белгилөө жүнүндө" токтомуПостановление · 07.10.2010 · № 235
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 14-октябрындагы № 619 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз…Постановление · 14.10.2024 · № 619
Беренеде аталган актылар (1)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-октябрындагы №235 "Бирдиктүү мамлекеттик координаттар системасын белгилөө жүнүндө" токтомуПостановление · 07.10.2010 · № 235
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/998/st-5" title="5-статья - Геодезия жана картография жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>