# 4-статья. Геодезиялык жана картографиялык иш жаатындагы укуктук мамилелердин субъектилери жана объектилери

- Документ: [Геодезия жана картография жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/998)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 20-мартындагы № 43 "Геодезия жана картография жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 43
- Кабыл алынган күнү: 20.03.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.04.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 29 апреля 2026 года № 58 "О геодезии, картографии и пространственных данных"](https://aqlex.ai/kg/doc/230045410)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/998/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-948/edition/283960/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/998/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Геодезия жана картография жөнүндө, 4-статья (29.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/998/st-4

---

Кыргыз Республикасы, администрациялык-аймактык түзүлүштөр, жарандар менен юридикалык жактар геодезиялык жана картографиялык иш жаатындагы укуктук мамилелердин субъектилери (мындан ары - геодезиялык жана картографиялык иштин субъектилери) болот. Кыргыз Республикасынын атынан картографиялык жана геодезиялык иш жаатындагы укуктук мамилелерде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары ушул органдардын статусу белгиленген актыларда аныкталган компетенциясынын чектеринде катышышат. Шаардык, айылдык коңуштардын жана башка администрациялык-аймактык түзүлүштөрдүн атынан геодезиялык жана картографиялык иш жаатындагы укуктук мамилелерде жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары ушул органдардын статусун белгилеген актыларда аныкталган компетенциясынын чектеринде катышышат. Жарандар менен юридикалык жактар, анын ичинде чет өлкөлүк жарандар, жарандагы жок адамдар менен чет өлкөлүк юридикалык жактар геодезиялык жана картографиялык иш жаатындагы укуктук мамилелерде ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен башка ченемдик укуктук актылары койгон талаптарга ылайык катышышат. Кыргыз Республикасынын аймагы, жер шарынын материктери, Дүйнөлүк океан, анын ичинде аралдар, жана космостук мейкиндик, анын ичинде табигый асман телолору геодезиялык жана картографиялык иш жаатындагы укуктук мамилелердин объектилери болот.

II Глава. Геодезиялык жана картографиялык ишти жөнгө салуу жана жүргүзүү

---

Мурунку берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/998/st-3)  
Кийинки берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/998/st-5)
