# 2-статья. Геодезиялык жана картографиялык иш жаатындагы укуктук жөнгө салуу

- Документ: [Геодезия жана картография жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/998)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 20-мартындагы № 43 "Геодезия жана картография жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 43
- Кабыл алынган күнү: 20.03.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.04.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 29 апреля 2026 года № 58 "О геодезии, картографии и пространственных данных"](https://aqlex.ai/kg/doc/230045410)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/998/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-948/edition/283960/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/998/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Геодезия жана картография жөнүндө, 2-статья (29.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/998/st-2

---

Геодезиялык жана картографиялык иш жаатындагы укуктук жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Конституциясына, ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүлөт. Геодезиялык жана картографиялык иш жаатындагы укуктук мамилелер ушул Мыйзам менен жөнгө салынат. Геодезиялык жана картографиялык иш процессинде пайда болгон мүлктүк жана алар менен байланыштуу мүлктүк эмес жеке мамилелер Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдары менен жөнгө салынат. Геодезиялык жана картографиялык иш жаатындагы эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган принциптери менен ченемдери жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери Кыргыз Республикасынын укуктук тутумдарынын курамдык бөлүгү болот. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде аны колдонуу үчүн мамлекет ичиндеги акт кабыл алынуусу керектиги белгиленген учурлардан тышкары Кыргыз Республикасынын келишимдери геодезиялык жана картографиялык иш жаатындагы мамилелерде тикеден-тике колдонулат. Эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде, ушул Мыйзамда каралгандан башка эрежелер белгиленсе, анда эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.

---

Мурунку берене: [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/998/st-1)  
Кийинки берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/998/st-3)
