# 15-статья. Мамлекеттик геодезиялык тармактардын пункттарын коргоо

- Документ: [Геодезия жана картография жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/998)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 20-мартындагы № 43 "Геодезия жана картография жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 43
- Кабыл алынган күнү: 20.03.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.04.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 29 апреля 2026 года № 58 "О геодезии, картографии и пространственных данных"](https://aqlex.ai/kg/doc/230045410)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/998/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-948/edition/283960/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/998/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Геодезия жана картография жөнүндө, 15-статья (29.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/998/st-15

---

Республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен салынган астрономиялык-геодезиялык, геодезиялык, нивелирдик жана гравиметриялык пункттар, жердеги белгилер жана бул пункттардын борборлору (мындан ары - геодезиялык пункттар), анын ичинде жарык маяктарында, навигациялык белгилерде жана башка инженердик конструкцияларда жайгашкандар Кыргыз Республикасынын менчиги болуп саналат жана мамлекеттин коргоосунда турат. Тышкы белгилерди бузуу же геодезиялык пункттардын борборлорун кайра салуу геодезия жана картография боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксаты менен гана жүргүзүлөт. Геодезиялык пункттар жайгашкан жер участкалардын ээлери, кожоюндары менен пайдалануучулары геодезиялык пункттарга зыян келтирилген же жок кылынган бардык учурлар тууралу геодезия жана картография боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалымдоого милдеттүү, ошондой эле геодезиялык жана картографиялык иштерди жүргүзүүдө геодезиялык пункттарга жетүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө тийиш. Геодезиялык пункттарды жайгаштыруу үчүн жер участкаларды бөлүп берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. Геодезиялык пункттарды коргоо жана коргоо зоналары боюнча Жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

---

Мурунку берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/998/st-14)  
Кийинки берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/998/st-16)
