Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын дипломатиялык жана кызматтык паспорттору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановления Кабинета Министров Кыргызской Республики от 5 марта 2026 года № 148 "О вопросах персонификации отдельных документов государственного значения, входящих в компетенцию Государственного учреждения "Кызмат" при Управлении делами Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-03-05.
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-мартындагы № 148 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 15-февралы № 104 Кыргыз Республикасынын дипломатиялык жана кызматтык паспорттору жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандарынын айрым категорияларын Кыргыз Республикасынын дипломатиялык жана кызматтык паспорттору менен ыкчам камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы Молдова Республикасынын Маалыматтык технологиялар департаментинин "Registru" мамлекеттик ишканасынын "Кыргыз Республикасынын жаңы үлгүдөгү жалпы жарандык, дипломатиялык, кызматтык паспортторунун жана жарандарынын паспортторунун бланктарын жасоо жана берүү, Контракт иштеген мезгилде паспортторду персоналдаштыруунун автоматташтырылган системасын иштеп чыгуу, орнотуу жана эксплуатациялоо" инвестициялык долбоорун ишке ашыруу боюнча 2004-жылдын 27-апрелиндеги контрактты (мындан ары - Контракт) мөөнөтүнө жеткирбей аяктоо жөнүндө макулдугун эске алуу менен белгиленген тартипте:
- Кыргыз Республикасынын дипломатиялык жана кызматтык паспортторунун калдык бланктарын Контрактты бузуу күнүнө карата бир бирдик үчүн Контрактта белгиленген баа боюнча - 3,82 Еврого төлөө күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча сатып алуу аркылуу Контрактты аяктоо чараларын көрсүн;
- Контракт аяктагандан кийин ал боюнча келип чыккан милдеттенмелерди аткаруу чараларын көрсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасына Контракт мөөнөтүнө чейин аяктаган күндөн тартып Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын үлгүсүндөгү дипломатиялык жана кызматтык паспортторун персоналдаштырууга ыйгарым укук берилсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет, ал эми 2-пункту Контракт мөөнөтүнө жетпей белгиленген тартипте аяктаган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
С.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-марты № 148 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин…Постановление · 05.03.2026 · № 148
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.