# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-февралындагы № 99 "Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-февралындагы № 99 "Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 99
- Кабыл алынган күнү: 13.02.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.02.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99794>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19584/edition/1044411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99794.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.02.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-февралындагы № 99 "Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (08.02.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99794

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 13-февралы № 99 Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри жөнүндө жобону бекитүү тууралуу "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесин аткаруу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги белгиленген тартипте жогоруда аталган Жобонун ченемдерин ишке ашырууга багытталган чараларды көрсүн.

(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 8-февралындагы № 35 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

С.Жээнбеков
