# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 9-февралындагы № 85 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 664 "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 9-февралындагы № 85 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 664 "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 85
- Кабыл алынган күнү: 09.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.09.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99779>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19579/edition/973915/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99779.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.09.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 9-февралындагы № 85 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 664 "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому (02.09.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99779

---

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 446 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы № 85 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 664 "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө Ченөө каражаттарына текшерүү жүргүзүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, ченөө каражаттарынын аталыштарын, текшерүү мөөнөттөрүн жана мезгилдүүлүгүн тартипке келтирүү максатында, "Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 664 "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Текшерүүгө жаткан ченөө каражаттарынын тизмеги жана текшерүүнүн мезгилдүүлүгү:

- төмөнкүдөй мазмундагы 48-1 - 48-4-пункттар менен толукталсын:

"

48-1

РУГ тибиндеги деңгээл ченөөчү гидромелиоративдик рейкалар

Паспорттогу маалыматтарга ылайык

48-2

Электрондук корректорлор-газ эсептегичтер

Паспорттогу маалыматтарга ылайык

48-3

Газ өлчөөчү системалар

Паспорттогу маалыматтарга ылайык

48-4

Газ өлчөөчү комплекстер

Паспорттогу маалыматтарга ылайык

";

- төмөнкүдөй мазмундагы 78-1-пункт менен толукталсын:

"

78-1

Барометрлер

Паспорттук маалыматтарга ылайык

";

- төмөнкүдөй мазмундагы 79-1-пункт менен толукталсын:

"

79-1

АСП-1, АСП-2 жана АСП-3 спиртометрлери

Паспорттук маалыматтарга ылайык

";

- 101-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

С. Жээнбеков
