# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-февралындагы № 79 "Кыргыз Республикасын 2022-жылга чейинки мезгилде илимий-инновациялык өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-февралындагы № 79 "Кыргыз Республикасын 2022-жылга чейинки мезгилде илимий-инновациялык өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 79
- Кабыл алынган күнү: 08.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99766>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19571/edition/773184/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99766.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-февралындагы № 79 "Кыргыз Республикасын 2022-жылга чейинки мезгилде илимий-инновациялык өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө" токтому (13.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99766

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 8-февралы № 79 Кыргыз Республикасын 2022-жылга чейинки мезгилде илимий-инновациялык өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 26-ноябрындагы № 128 "Инновациялык иш жөнүндө" Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруу, илимий-инновациялык ишти өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасын 2022-жылга чейинки мезгилде илимий-инновациялык өнүктүрүү концепциясы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен бирге Кыргыз Республикасын 2022-жылга чейинки мезгилде илимий-инновациялык өнүктүрүү концепциясы бекитилген учурдан тартып алты айлык мөөнөттө аны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планынын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

С. Жээнбеков
