# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-февралындагы № 77 "Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-февралындагы № 77 "Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 77
- Кабыл алынган күнү: 08.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.02.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99763>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19569/edition/1044427/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99763.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.02.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-февралындагы № 77 "Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтому (08.02.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99763

---

КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 8-февралындагы № 35 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 8-февралы № 77 Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо тартиби жөнүндө нускама тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Борбордук күрөөлүк каттоо конторасы ушул токтомду ишке ашырууга багытталган чараларды белгиленген тартипте көрсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-июлундагы УӨ № 134 "Кыймылдуу мүлктүн күрөөлөрүн Кыргыз Республикасынын күрөө каттоо кеңселери тарабынан каттоо тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

С. Жээнбеков
