Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13 декабрындагы № 669 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 15 ноября 2024 года № 687 "Об утверждении Положения об айыл башчысы"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-11-15.
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы № 687 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 13 декабры № 669 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52 токтомунун редакциясына ылайык) “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-октябрындагы № 720 “Кыргыз Республикасынын айылдарынын айыл башчылары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- токтомдун расмий тилдеги аталышындагы “(аила)” деген сөз “(айыла)” деген сөз менен алмаштырылсын;
- расмий тилдеги текстинин 1-пунктундагы “(аила)” деген сөз “(айыла)” деген сөз менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Айыл башчысы жөнүндө Типтүү жободо:
Типтүү жобонун расмий тилдеги аталышындагы “(аила)” деген сөз “(староста айыла)” деген сөздөр менен алмаштырылсын; бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөлөрдөгү жана сандардагы ”айыл өкмөтүнүн башчысы” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү жана сандардагы “жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы” деген сөз менен, “калктуу конуш” деген сөздөр “айыл” деген сөз менен жана расмий тилдеги тексттеги “аил” деген сөз “айыл” деген сөз менен алмаштырылсын;
1.1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1.1. Жергиликтүү маанидеги маселелерди ыкчам чечүүнү уюштуруу жана өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга көмөк көрсөтүү максатында өзүнчө бөлөк жайгашкан айылдарда жергиликтүү кеңештердин чечими боюнча жергиликтүү бюджеттин каражатынын эсебинен, кызматтык маянасы тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын жетектөөчү адисинин деңгээлиндеги айыл башчынын кызмат орду ачылат.”;
2.1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“2.1. Айыл башчысы тиешелүү айылдын тургундарынын жыйынынын макулдугу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын жетекчиси тарабынан дайындалат.”;
2.5-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
2.6-пункттун төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
3.1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“3.1. Айыл башчысы айылдын аймагынын чегинде:
- жергиликтүү маанидеги маселе катары аныкталган жумуштарды “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинин алкагында жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн мобилизациялоо менен аткарат;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына аныкталган тартипте өткөрүлүп берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну өз компетенциясынын чегинде уюштурат;
- жергиликтүү жамааттын ишин уюштурууга көмөк көрсөтөт, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө коомдук уюмдардын жана бирикмелердин иштерин координациялайт жана алар менен кызматташат;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын өткөрүп берилген ыйгарым укуктарын жана айрым тапшырмаларын аткарат;
- айылда жүргүзүлүп жаткан иштер, болуп жаткан кемчиликтер, өзгөчө кырдаалдар, ошондой эле айылдагы коомдук тартиптин абалы жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине өз убагында билдирип турат.”;
IV главада: биринчи абзацы “Айыл башчысы” деген сөздөрдөн мурда “4.1.” деген цифралар менен толукталсын; экинчи жана үчүнчү абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын; алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “- жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү жана өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адистери, чарбакер субъекттердин (фермердик, дыйкан жана башка чарбалардын) жетекчилери менен консультацияларды жана макулдашууларды жүргүзүүгө;”; төмөнкүдөй мазмундагы он тогузунчу жана жыйырманчы абзацтар менен толукталсын: “- эгерде тиешелүү айылдан жергиликтүү кеңешке депутат шайланбаса, тиешелүү жергиликтүү кеңештин жыйналыштарына кеңешүүчү добуш укугу менен, ал эми шаардык кеңештин жыйналыштарына - тиешелүү айылга таандык маселелерди кароодо катышууга;
- тийиштүү айылдын чегинде жайгашкан жер участоктогу тууралуу маселе каралган учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын алдындагы жер комиссиясынын жыйынына катышууга.”;
5.1. жана 5.2-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“5.1.Айыл башчысы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик, административдик, материалдык жана жазык жоопкерчилигине тартылат.
5.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын башчысы айыл башчысынын өзүнө тапшырылган милдеттерди аткарбаганы же тийиштүү түрдө аткарбаганы, адептик ченемдерди сактабаганы, кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө мыйзамды бузгандыгы үчүн “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык тартиптик жаза берүүгө укуктуу.
Айыл башчысын ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө чечим тиешелүү айылдын тургундарынын жыйынынын макулдугу менен чыгарылат.”;
5.5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“5.5. Айыл башчысы жылына бир жолу айылдын жыйынында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өзүнүн иши жөнүндө отчет берет.”; төмөнкүдөй мазмундагы VI глава менен толукталсын: “VI. Айыл башчысын шыктандыруу жана материалдык-техникалык камсыздоо
6.1. Айыл башчысын материалдык жана материалдык эмес шыктандыруу “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ишке ашырылат.
6.2. Айыл башчысынын ишин уюштуруучулук, материалдык-техникалык камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органы тарабынан жүзөгө ашырылат.
Айыл башчысы иш бөлмө, коммуникациялык байланыш каражаттары (телефон, компьютер, интернет), эмерек, оргтехника, жабдуулар, кеңсе буюмдары жана иштин тиешелүү шарттарын түзүү үчүн башка каражаттар менен камсыздалат.
6.3. Айыл башчысында жарандарга жана юридикалык жактарга ким экендигин, үй-бүлөлүк жана мүлктүк абалын күбөлөндүрүүчү маалымкаттарды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка документтерди бергенин тастыктоочу мөөрү болот.”.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
C. Ш.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (6)
- Ноокат шаардык кеңешинин 2021-жылдын 11-февралындагы № 10 "Ноокат шаар мэриясынын,Ноокат шаардык кеңешинин, муниципиалдык менчик департаментининтиптүү түзүмүн жана штаттык санын…Постановление · 11.02.2021 · № 10
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-ноябры № 687 "Айыл башчысы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 15.11.2024 · № 687
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-октябрындагы № 720 токтому менен бекитилген" Айыл башчысы жөнүндө типтүү жобо"Положение · 06.10.2006 · № 720 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы №451 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө"…Постановление · 05.08.2011 · № 451 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52 "Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын…Постановление · 07.02.2024 · № 52 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-октябрындагы № 720 "Кыргыз Республикасынын айылдарынын айыл башчылары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 06.10.2006 · № 720 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөЗакон · 27.10.2021 · № 125
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-ноябры № 687 "Айыл башчысы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 15.11.2024 · № 687
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-октябрындагы № 720 "Кыргыз Республикасынын айылдарынын айыл башчылары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 06.10.2006 · № 720 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52 "Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын…Постановление · 07.02.2024 · № 52 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Гулистан айылдык Кеңешинин 2019-жылдын 10-октябрындагы № ХХII -3 Гулистан айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-сентябрындагы “Гулистан айыл аймагынын “Беш-Коргон” калктуу конушу…Постановление · 10.10.2019 · № № ХХII -3
- Гулистан айылдык Кеңешинин 2019-жылдын 3-сентябрындагы № 80 "Гулистан айыл аймагынын “Беш-Коргон” калктуу конушу, “Чон-Кыштоо” калктуу конушу, “Бостон” калктуу конушу айыл…Постановление · 03.09.2019 · № 80
- Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөЗакон · 30.05.2016 · № 75 · Күчүн жоготкон