# 2016-жылдын 1-сентябрындагы № 473 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 350 “Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик реестри жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасында колдонуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин тизмесин бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: 2016-жылдын 1-сентябрындагы № 473 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 350 “Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик реестри жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасында колдонуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин тизмесин бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 473
- Кабыл алынган күнү: 01.09.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99749>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/99749/edition/773230/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99749.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 2016-жылдын 1-сентябрындагы № 473 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 350 “Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик реестри жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасында колдонуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин тизмесин бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому (05.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99749

---

КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-июнундагы № 393 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 1-сентябрындагы № 473 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 350 “Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик реестри жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасында колдонуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин тизмесин бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө Транспорт каражаттарын башкаруу укугуна айдоочунун күбөлүгүн берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 12-ноябрындагы № 215 “Бийлик органдарындагы саясий жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын көңүлгө алуу менен, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 350 “Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик реестри жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасында колдонуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин тизмесин бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында колдонулуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин тизмесинде:

- 23-пункттун “Документтердин тизмеси” графасындагы “Айдоочунун Өздүк карточкасы”, “Айдоочунун окугандыгы тууралуу күбөлүгү” деген сөздөр алып салынсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

| Премьер-министр | С. Жээнбеков |
