# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-декабрындагы № 705 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-октябрындагы № 568 “Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын мамлекеттик кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары тууралуу” токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-декабрындагы № 705 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-октябрындагы № 568 “Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын мамлекеттик кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары тууралуу” токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 705
- Кабыл алынган күнү: 27.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.08.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99744>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19550/edition/1185085/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99744.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-декабрындагы № 705 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-октябрындагы № 568 “Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын мамлекеттик кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары тууралуу” токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (29.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99744

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-августундагы № 474 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 27-декабры № 705 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-октябрындагы № 568 “Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын мамлекеттик кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары тууралуу” токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын кызматкерлеринин эмгегине дем берүү, “Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 50-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-октябрындагы № 568 “Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын мамлекеттик кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

- 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи жана алтынчы абзацтар менен толукталсын:

“- “Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-статьясына ылайык пенсия алууга укугу бар жана ишин улантып жаткан прокуратура органдарынын прокурорлоруна жана тергөөчүлөрүнө негизги акчалай акы төлөө учуруна карата белгиленген пенсиянын өлчөмүнөн 50 пайыз өлчөмүндө кошумча төлөөлөр жүргүзүлөт; негизги акчалай акы төлөө учуруна карата белгиленген пенсиянын өлчөмүнөн 50 пайыз өлчөмүндөгү кошумча төлөөлөр өргүүгө, өргүүгө карата жөлөкпулду, квартал сайынкы сыйлыкты жана эмгек акы фондунан үнөмдөөлөрдү эсептөөдө эске алынбай тургандыгы белгиленсин.”.

2. Ушул токтом 2017-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

С. Жээнбеков
