# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 12-нварындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 30-декабрындагы № 865 “Банкроттук процессинин жол-жоболорун колдонуунун тартиби жөнүндө эрежелерди бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 12-нварындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 30-декабрындагы № 865 “Банкроттук процессинин жол-жоболорун колдонуунун тартиби жөнүндө эрежелерди бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.01.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99725>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19533/edition/773284/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99725.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 12-нварындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 30-декабрындагы № 865 “Банкроттук процессинин жол-жоболорун колдонуунун тартиби жөнүндө эрежелерди бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (12.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99725

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 12-нвары № 17 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 30-декабрындагы № 865 “Банкроттук процессинин жол-жоболорун колдонуунун тартиби жөнүндө эрежелерди бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Банкроттук процессинин жол-жоболорун колдонуунун тартиби жөнүндө эрежелерди “Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 30-декабрындагы № 865 “Банкроттук процессинин жол-жоболорун колдонуунун тартиби жөнүндө эрежелерди бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Банкроттук процессинин жол-жоболорун колдонуунун тартиби жөнүндө эрежелерде:

- 5.1.25-пунктундагы “Мыйзамда аныкталган” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 99-статьясында аныкталган” деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын;

- 7.2.1-пунктунун 1-пунктчасындагы “Мыйзамда белгиленет (Мыйзамдын 85, 86, 87-беренелеринде жана 91-беренесинин 6-пунктунда)” деген сөздөр жана цифралар “Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 99-статьясында белгиленген” деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын;

- 8.1.2, 8.1.9, 8.9.3, 8.9.5, 8.9.7, 9.4.9, 10.16.7-пункттарындагы, 10.23.1-пунктунун 6-пунктчасындагы, 13.1-бөлүмүнүн 2-пунктчасындагы жана 13.7.4-пунктунун 1-пунктчасындагы “Мыйзамда” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 99-статьясында” деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын;

- 10.3.1-пунктунун 18-пунктчасындагы “Мыйзамда (ушул Эрежелердин 8-главасында)” деген сөздөр жана цифралар “Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 99-статьясында” деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын;

- 10.4.3-пунктундагы “атайын администраторду шайлоо жөнүндө чечим кабыл алынгандан” деген сөздөр “аны атайын администратор деп дайындагандан” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 10.4.4-пунктундагы “cougieg” деген сөз “courier” деген сөз менен алмаштырылсын;

- 10.8.4-пунктундагы “банктарга жана башка финансылык-кредиттик мекемелерге” деген сөздөр “депозиттерди тартпаган финансылык- кредиттик уюмдарга” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 10.9.5-пунктундагы “Мыйзамда жана ушул Эрежеде” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 99-статьясында” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 10.13.1-пунктунун 1-пунктчасы “аныктыгын” деген сөздөн кийин “жана мыйзамдуулугун” деген сөздөр менен толукталсын;

- 10.16.2-пунктунун төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

- 10.27.5-пунктунун 2-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

“Аукцион электрондук аянтчалар аркылуу электрондук форматта ишке ашырылышы мүмкүн.”;

10.27.6-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

“Эгерде тооруктар электрондук форматта өткөрүлсө, атайын администратор электрондук соода аянтчаларын пайдаланууга милдеттүү, алардын операторлору тооруктарды электрондук форматта өткөрүү үчүн жоопкерчилик тартышат.”;

10.27.7-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

“Эгерде тооруктар электрондук форматта өткөрүлсө, анда бардык катышуучулар электрондук соода аянтчасы аркылуу маалымат алууга укуктуу.”;

10.27.10-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

“Тооруктарды электрондук форматта өткөрүү жөнүндө билдирүү электрондук соода аянтчасынын операторун көрсөтүү менен тооруктарды өткөргөнгө чейин кеминде 14 күн мурда маалымдалат.”;

12.1.6-пункту “бир нече анык” деген сөздөрдөн кийин “жана мыйзамдуу” деген сөздөр менен толукталсын;

12.1.10-пункту “аныктыгын” деген сөздөн кийин “жана мыйзамдуулугун” деген сөздөр менен толукталсын;

13.7.1-пунктундагы “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензиялануучу банк жана башка финансылык-кредиттик уюмдар – карыз тарапка карата)” деген сөздөр алып салынсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

С. Жээнбеков
