Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-майындагы № 215 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш жөнүндө” токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 13 декабря 2023 года № 675 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики, Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-12-13.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 10-январы № 13 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-майындагы № 215 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш жөнүндө” токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу Экономикалык кырдаалдын өзгөрүшүн координациялоону жана натыйжалуу чара көрүүнү камсыздоо, макроэкономикалык жана инвестициялык саясатты түзүү механизмин өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-майындагы № 215 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш жөнүндө жободо:
1-глава төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
“Кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.”;
2-глава төмөнкүдөй мазмундагы он сегизинчи абзац менен толукталсын:
“Кеңештин чечими сунуштама мүнөзгө ээ.”;
3-глава төмөнкүдөй мазмундагы он жетинчи жана он сегизинчи абзацтар менен толукталсын:
“- мамлекеттик тышкы инвестициялардын долбоорлорун учурдагы ишке ашыруу маселелерин кароо;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кепилдиги алдында тышкы карыз алуулардын эсебинен каржылоо пландалган мамлекеттик тышкы инвестициялардын долбоорлорун жактыруу;”;
5-главада:
үчүнчү абзацтын биринчи сүйлөмү “Кеңеш” деген сөздөн кийин “алар боюнча чечим Кеңештин катышкан мүчөлөрүнүн жалпы санынын 2/3 кем эмес көпчүлүк добушу менен кабыл алынуучу мамлекеттик тышкы инвестициялардын долбоорлорун жактыруу маселелеринен тышкары,” деген сөздөр менен толукталсын; төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи - он төртүнчү абзацтар менен толукталсын: “Мамлекеттик тышкы инвестициялардын долбоорлорун кароо боюнча Кеңештин жыйынынын күн тартиби тармактык министрликтер жана ведомстволор тарабынан берилген өтүнмөнүн негизинде Кеңештин катчылыгы тарабынан түзүлөт. Мамлекеттик тышкы инвестициялардын долбоорлорун жактыруу жөнүндө маселени кароодо долбоордун демилгечиси баяндамачы болот. Кеңеш тарабынан мамлекеттик тышкы инвестициялардын долбоорлорун жактыруу төмөнкүлөрдүн негизинде ишке ашырылат:
- долбоорду презентациялоо;
- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин анын максатка ылайыктуулугун экономикалык баалоо бөлүгүндөгү корутундусу;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин пландалуучу инвестициялык долбоорду бюджеттик каражаттардын эсебинен кошо каржылоо мүмкүнчүлүгүнө жана сунушталган долбоордун жеңилдиктеринин алгылыктуулугуна карата корутундусу.
Кеңеш мамлекеттик тышкы инвестициялардын долбоорлорун кароонун жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй чечимдерди чыгара алат:
- мамлекеттик тышкы инвестициялардын долбоорлорун жактыруу;
- мамлекеттик тышкы инвестициялардын долбоорлорун толуктап иштеп чыгууга кайтаруу;
- мамлекеттик тышкы инвестициялардын долбоорлорун четке кагуу.”;
6-глава төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
“- мамлекеттик тышкы инвестициялардын долбоорлорун алдын-ала тандоо, экономикалык максатка ылайыктуулугун баалоо жана артыкчылык берүү;”. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
С. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 13.12.2023 · № 675
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-майындагы №215 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" токтомуПостановление · 13.05.2011 · № 215 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 13.12.2023 · № 675
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-майындагы №215 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" токтомуПостановление · 13.05.2011 · № 215 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон