# КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 13-майы N 356 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 13-майы N 356 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 356
- Кабыл алынган күнү: 13.05.2001
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.01.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99716>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19524/edition/762375/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99716.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 13-майы N 356 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (06.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99716

---

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 6-январындагы № 8 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ Өкмөт Үйү, 2004-жылдын 13-майы N 356 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө "2003-2010-жылдарга Кыргыз Республикасындагы эмгек акы реформасынын концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын бекитүү боюнча" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 18-мартындагы N 141 токтому менен бекитилген 2003-2010-жылдарга Кыргыз Республикасындагы эмгек акы реформасынын концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кызматтык маянага иштеген жылдар үчүн кошумча төлөөдө мамлекеттик кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 16-майындагы N 234 токтому менен бекитилген Кызматтык маянага иштеген жылдар үчүн кошумча төлөөдө мамлекеттик кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 10-пункттагы "ушул Жобонун 9-пунктунда каралган учурлардан тышкары" деген сөздөр алып салынсын;

- 12-пункттагы "төлөө" деген сөз "эсептөө" деген сөз менен, "дайындалган" деген сөз "аны дайындоо же өзгөртүү укугуна ээ болгон" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. "Иштеген жылдар үчүн жергиликтүү кеңештердин, айыл өкмөттөрдүн, Бишкек шаардык өз алдынча башкаруу кызматкерлеринин кызматтык маяналарына кошумча төлөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 2-октябрындагы N 457 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- аталышында жана 1-пунктта "Бишкек шаарынын" деген сөздөр "Бишкек жана Ош шаарлардын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 3-пункттагы "Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкармасынын башчысына" деген сөздөр "Бишкек жана Ош шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкармалыктарынын башчыларына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- Иштеген жылдар үчүн жергиликтүү кеңештердин, айыл өкмөттөрдүн, Бишкек шаардык өз алдынча башкаруу кызматкерлеринин кызматтык маяналарына кошумча төлөө тартиби жөнүндө жободо:

аталышында жана бүткүл текст боюнча "Бишкек шаарынын" деген сөздөр "Бишкек жана Ош шаарларынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

## I бөлүмдүн 3-пункту алып салынсын.

3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, мамлекеттик комиссиялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтиришсин.

4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министрдин Аппаратынын социалдык-маданий өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Н. Танаев
