Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 6 января 2017 года № 8 "Об утверждении Положения о порядке исчисления стажа государственной службы и муниципальной службы для выплаты надбавок к должностному окладу за выслугу лет"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2017-01-06.
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 6-январындагы № 8 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ Өкмөт Үйү, 2004-жылдын 13-майы N 356 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө "2003-2010-жылдарга Кыргыз Республикасындагы эмгек акы реформасынын концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын бекитүү боюнча" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 18-мартындагы N 141 токтому менен бекитилген 2003-2010-жылдарга Кыргыз Республикасындагы эмгек акы реформасынын концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кызматтык маянага иштеген жылдар үчүн кошумча төлөөдө мамлекеттик кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 16-майындагы N 234 токтому менен бекитилген Кызматтык маянага иштеген жылдар үчүн кошумча төлөөдө мамлекеттик кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 10-пункттагы "ушул Жобонун 9-пунктунда каралган учурлардан тышкары" деген сөздөр алып салынсын;
- 12-пункттагы "төлөө" деген сөз "эсептөө" деген сөз менен, "дайындалган" деген сөз "аны дайындоо же өзгөртүү укугуна ээ болгон" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. "Иштеген жылдар үчүн жергиликтүү кеңештердин, айыл өкмөттөрдүн, Бишкек шаардык өз алдынча башкаруу кызматкерлеринин кызматтык маяналарына кошумча төлөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 2-октябрындагы N 457 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышында жана 1-пунктта "Бишкек шаарынын" деген сөздөр "Бишкек жана Ош шаарлардын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-пункттагы "Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкармасынын башчысына" деген сөздөр "Бишкек жана Ош шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкармалыктарынын башчыларына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- Иштеген жылдар үчүн жергиликтүү кеңештердин, айыл өкмөттөрдүн, Бишкек шаардык өз алдынча башкаруу кызматкерлеринин кызматтык маяналарына кошумча төлөө тартиби жөнүндө жободо:
аталышында жана бүткүл текст боюнча "Бишкек шаарынын" деген сөздөр "Бишкек жана Ош шаарларынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
I бөлүмдүн 3-пункту алып салынсын.
3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, мамлекеттик комиссиялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтиришсин.
4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министрдин Аппаратынын социалдык-маданий өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Н. Танаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (4)
- Постановление Правительства КР от 16 мая 2001 года №234 "Об утверждении Положения о порядке исчисления стажа государственной службы для выплаты надбавок к должностному окладу за…Постановление · 16.05.2001 · № 234 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 2 октября 1996 года №457 "Об утверждении Положения о порядке выплаты надбавок за выслугу лет к должностным окладам работников местных кенешей…Постановление · 02.10.1996 · № 457 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 18 марта 2003 года №141 "Об утверждении Плана мероприятий по реализации Концепции реформы заработной платы в Кыргызской Республике на 2003-2010…Постановление · 18.03.2003 · № 141 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 6-январындагы № 8 "Иштеген жылдары үчүн кызматтык маянага үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө…Постановление · 06.01.2017 · № 8 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Положение о порядке исчисления стажа государственной службы для выплаты надбавок к должностному окладу за выслугу лет (Утверждено Постановлением Правительством Кыргызской…Положение · 16.05.2001 · № 234 · Күчүн жоготкон
- Положение о порядке выплаты надбавок за выслугу лет к должностным окладам работников местных кенешей, айыл окмоту, местного самоуправления города Бишкека (Утверждено…Положение · 02.10.1996 · № 457 · Күчүн жоготкон