# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-декабрындагы № 717 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргыз комплекстүү гидрогеологиялык экспедициясы" мамлекеттик ишканасын кайра уюштуруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-декабрындагы № 717 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргыз комплекстүү гидрогеологиялык экспедициясы" мамлекеттик ишканасын кайра уюштуруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 717
- Кабыл алынган күнү: 30.12.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.04.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99708>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19518/edition/1056359/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99708.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.04.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-декабрындагы № 717 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргыз комплекстүү гидрогеологиялык экспедициясы" мамлекеттик ишканасын кайра уюштуруу жөнүндө" токтому (23.04.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99708

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-апрелиндеги № 170 токтомунун редакциясына ылайык) 2016-жылдын 30-декабры № 717 Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргыз комплекстүү гидрогеологиялык экспедициясы" мамлекеттик ишканасын кайра уюштуруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргыз комплекстүү гидрогеологиялык экспедициясы" мамлекеттик ишканасынын ишин оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 92-94-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргыз комплекстүү гидрогеологиялык экспедициясы" мамлекеттик ишканасы ага "Сокулук гидрогеологиялык партиясы" мамлекеттик ишканасын жана "Ош гидрогеологиялык партиясы" мамлекеттик ишканасын кошуу менен кайра уюштурулсун.

2 (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-апрелиндеги № 170 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети үч айлык мөөнөттө ушул токтомдун 1-пунктунда аталган кайра уюштурулуучу юридикалык жактардын өткөрүп берүү актыларын бекитсин жана ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

С. Жээнбеков
